# Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 24-3 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 24-3 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 24-3
- Дата принятия: 06.04.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 06.04.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/135499>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-11589/edition/1198985/ru>

> Текст приведён по редакции от 06.04.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 24-3 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндө" токтому (ред. от 06.04.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/135499

---

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы 2021-жылдын 6-апрели № 24-3 Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндө Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы күн тартибиндеги: “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндөгү” маселени карап чыгып талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 24-октябрындагы № 309 жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкауу жөнүндөгү” Мыйзамынын 13-беренесине ылайык КР ЖӨБ Союзунун мүчөсү болуп эсептелгендиктен токтом кылат:

1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңеши жана Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, КР ЖӨБ Союзунун Уставында белгилеген тартипте кызматташууну күчөтүү жана мындан ары өркүндөтүү боюнча иш аракеттер жүргүзүлсүн.

2. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө КР ЖӨБ Союзу менен тараптардын ар бир милдеттерин камтыган келишимди иштеп чыгып, келишим түзүү тапшырылсын.

3. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жогорудагы ченемдик актылардын негизинде КР ЖӨБ Союзунун мүчөсү катары анын Уставынын 3.7. пунктуна ылайык ар бир жылдын биринчи кварталында айыл аймактын калкаынын санына карап ар бир жашоочуга 1 сомдон кем эмес өлчөмдөгү мүчөлүк акын жергиликтүү бюджеттин эсебинен КР ЖӨБ Союзунун эсебине которуп берүүгө уруксат берилсин.

4. Бул токтомду аткаруу айыл өкүмөтүнө тапшырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы:

Д.Сатвалдиев
