Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы 2021-жылдын 6-апрели № 24-3 Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндө Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы күн тартибиндеги: “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндөгү” маселени карап чыгып талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 24-октябрындагы № 309 жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкауу жөнүндөгү” Мыйзамынын 13-беренесине ылайык КР ЖӨБ Союзунун мүчөсү болуп эсептелгендиктен токтом кылат:
1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңеши жана Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, КР ЖӨБ Союзунун Уставында белгилеген тартипте кызматташууну күчөтүү жана мындан ары өркүндөтүү боюнча иш аракеттер жүргүзүлсүн.
2. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө КР ЖӨБ Союзу менен тараптардын ар бир милдеттерин камтыган келишимди иштеп чыгып, келишим түзүү тапшырылсын.
3. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жогорудагы ченемдик актылардын негизинде КР ЖӨБ Союзунун мүчөсү катары анын Уставынын 3.7. пунктуна ылайык ар бир жылдын биринчи кварталында айыл аймактын калкаынын санына карап ар бир жашоочуга 1 сомдон кем эмес өлчөмдөгү мүчөлүк акын жергиликтүү бюджеттин эсебинен КР ЖӨБ Союзунун эсебине которуп берүүгө уруксат берилсин.
4. Бул токтомду аткаруу айыл өкүмөтүнө тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы:
Д.Сатвалдиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Указ Президента КР от 24 октября 1996 года N УП-309 "О мерах по дальнейшему совершенствованию местного самоуправления в Кыргызской Республике"Указ · 24.10.1996 · № 309 · Утратил силу