Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Өзгөн шаардык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү тууралуу» токтому
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXX сессиясы 2021-жылдын 27-марты № 30/4 Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү тууралуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXX сессиясынын отуруму «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 24-мартындагы №5 протоколунун, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу (мындан ары-КРЖӨБ Союзу) менен кызматташтыкты күчөтүү жана анын тийиштүү мүчөлүк акыларын убагында төлөө тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 24-октябрындагы №309 жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 13-беренесине ылайык КРЖӨБ Союзунун мүчөсү болуп эсептелгендиктен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңеши жана Өзгөн шаардык мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, КР ЖӨБ Союзунун Уставында белгиленген тартипте кызматташууну күчөтүү жана мындан ары өркүндөтүү боюнча иш аракеттерди жүргүзсүн.
2. Өзгөн шаардык мэриясына КР ЖӨБ Союзу менен тараптардын ар биринин милдеттерин камтыган келишимди иштеп чыгып, кол коюу жагы тапшырылсын.
3. Өзгөн шаардык мэриясына жогорудагы ченемдик укуктук актылардын негизинде КР ЖӨБ Союзуна мүчө болгондуктан анын Уставынын 3.7. пунктуна ылайык ар бир жылдын биринчи кварталында шаардын калкынын санынын өсүшүнө жараша ар бир жашоочуга 1 сомдон кем эмес өлчөмдөгү мүчөлүк акыны жергиликтүү бюджеттин эсебинен КР ЖӨБ Союзунун эсептик счетуна которуп берүүгө уруксат берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын милдетин убактылуу аткаруучу
А.Шаробидинов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Указ Президента КР от 24 октября 1996 года N УП-309 "О мерах по дальнейшему совершенствованию местного самоуправления в Кыргызской Республике"Указ · 24.10.1996 · № 309 · Утратил силу