# Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17-февралындагы № 19 "Мамлекеттик мыкты медициналык кызматкер сыйлыгына көрсөтүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17-февралындагы № 19 "Мамлекеттик мыкты медициналык кызматкер сыйлыгына көрсөтүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 19
- Дата принятия: 17.02.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 17.02.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/135460>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-11556/edition/1198788/ru>

> Текст приведён по редакции от 17.02.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17-февралындагы № 19 "Мамлекеттик мыкты медициналык кызматкер сыйлыгына көрсөтүү жөнүндө" токтому (ред. от 17.02.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/135460

---

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы 2022-жылдын 17-февралы № 19 Мамлекеттик мыкты медициналык кызматкер сыйлыгына көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 19-августундагы № 285 буйругу менен бекитилген “ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүүнүн жана аларды тапшыруунун тартиби жөнүндө” нускамасынын талаптарына ылайык, Ак-Татыр айылынын тургундарынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы токтом кылат

1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылынын тургуну 50 (элүү) жылдан бери элибиздин ден-соолугу үчүн күнү түнү иштеп келген Кошназаров Жолчубекти “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер” наамына сунуштайбыз.

2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы К. Нурмаматовго жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин маданий маселелер, инвестиция тартуу, коомдук уюмдар менен иштөө, маалымдуулук, социалдык коргоо, жаштар жана спорт иштери, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Төрага:

Ибраим уулу Т.
