Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Татыр айылдык кеңешинин «Мамлекеттик мыкты медициналык кызматкер сыйлыгына көрсөтүү жөнүндө» токтому
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы 2022-жылдын 17-февралы № 19 Мамлекеттик мыкты медициналык кызматкер сыйлыгына көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 19-августундагы № 285 буйругу менен бекитилген “ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүүнүн жана аларды тапшыруунун тартиби жөнүндө” нускамасынын талаптарына ылайык, Ак-Татыр айылынын тургундарынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылынын тургуну 50 (элүү) жылдан бери элибиздин ден-соолугу үчүн күнү түнү иштеп келген Кошназаров Жолчубекти “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер” наамына сунуштайбыз.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы К. Нурмаматовго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин маданий маселелер, инвестиция тартуу, коомдук уюмдар менен иштөө, маалымдуулук, социалдык коргоо, жаштар жана спорт иштери, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага:
Ибраим уулу Т.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Закон «О государственных наградах и почетных званиях Кыргызской Республики»Закон · 28.07.2017 · № 157
- Распоряжение Президента КР от 19 августа 1996 года N РП-285 "Об утверждении инструкций "О порядке представления к государственным наградам Кыргызской Республики и их вручения" и…Распоряжение · 19.08.1996 · № 285 · Утратил силу