# Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17-февралындагы № 5 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү жана маданият мекемелерин жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17-февралындагы № 5 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү жана маданият мекемелерин жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5
- Дата принятия: 17.02.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 17.02.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/135446>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-11542/edition/1198700/ru>

> Текст приведён по редакции от 17.02.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17-февралындагы № 5 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү жана маданият мекемелерин жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (ред. от 17.02.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/135446

---

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы 2022-жылдын 17-февралы № 5 Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү жана маданият мекемелерин жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүп берүү жөнүндө Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовдун билдирүүсүн айылдык кеңештин маданий маселелер, инвестиция тартуу, коомдук уюмдар менен иштөө, маалымдуулук, социалдык коргоо, жаштар жана спорт иштери, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссия 2022-жылдын 14-февралында отурумунун № 1 протоколун угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы токтом кылат

1. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 113 мыйзамынын 13-беренесинин 3-пунктунун негизинде айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелерин жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүүнү жүзөгө ашыруу үчүн Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 4-февралдагы №7 буйругунун, инвентаризациянын өткөрүп алуу жана өткөрүү төмөнкү реестирдин негизинде берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы К. Нурмаматовго жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңештин маданий маселелер, инвестиция тартуу, коомдук уюмдар менен иштөө, маалымдуулук, социалдык коргоо, жаштар жана спорт иштери, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

Ибраим уулу Т.
