# Сарай айылдык кеңешинин 2016-жылдын 8-сентябрындагы № 3 "Сарай айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камсыз болгон тургундарына кышка карата көмүрдүн ордуна акчалай түрдө материалдык жардам берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Сарай айылдык кеңешинин 2016-жылдын 8-сентябрындагы № 3 "Сарай айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камсыз болгон тургундарына кышка карата көмүрдүн ордуна акчалай түрдө материалдык жардам берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3
- Дата принятия: 08.09.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 08.09.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/135271>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-11380/edition/1196738/ru>

> Текст приведён по редакции от 08.09.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Сарай айылдык кеңешинин 2016-жылдын 8-сентябрындагы № 3 "Сарай айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камсыз болгон тургундарына кышка карата көмүрдүн ордуна акчалай түрдө материалдык жардам берүү жөнүндө" токтому (ред. от 08.09.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/135271

---

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XXX сессиясы 2016-жылдын 8-сентябры № 3 Сарай айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камсыз болгон тургундарына кышка карата көмүрдүн ордуна акчалай түрдө материалдык жардам берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө мыйзамынын 2003-жылдын 12-апрелинин №71, 2005-жылдын 22-июнундагы №111, 2008-жылдын 28-июлундагы №177, 2013-жылдын 23-апрелиндеги №56-редакциясынын негизинде Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы З.Ж.Тургунбаевдин сунушун карап чыгып Сарай айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сарай айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камсыз болгон тургундарына кышка карата көмүрдүн ордуна акчалай түрдө материалдык жардам берилсин.

2. Мыйзам чегинде акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБ бөлүмүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Сарай айылдык кеңешинин төрагасы

А.Салимов.
