# Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 19 "Жергиликтүү курултайды өткөрүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 19 "Жергиликтүү курултайды өткөрүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 19
- Дата принятия: 15.09.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 17.10.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/135017>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/135017/edition/1195060/ru>

> Текст приведён по редакции от 17.10.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 19 "Жергиликтүү курултайды өткөрүү жөнүндө" токтому (ред. от 17.10.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/135017

---

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 11-сессиясы 2022-жылдын 15-сентябры № 19 Жергиликтүү курултайды өткөрүү жөнүндө

(Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2022-жылдын 17-октябрындагы № 20 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгы менен аныкталган 2022-жылдын 25-ноябрында өтүүчү биринчи Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу максатында Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин Календардык планына ылайык Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Жергиликтүү Курултай чакыртылсын жана элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү 2022-жылдын 5-ноябрына белгиленсин.

2. Жергиликтүү курултайдын делегаттарынын саны айыл аймагындагы калктын санын жараша 50 адам өлчөмүндө бекитилсин.

3. Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйындары өткөрүлсүн.

4. Жергиликтүү жамааттын чогулуштарынан делегаттарды көрсөтүүнүн төмөндөгүдөй нормасы бекитилсин:

- Тогуз-Булак айылындагы жергиликтүү жамааттан – 18 делегат;

- Көл-Төр айылындагы жергиликтүү жамааттан -16 делегат;

- Коңур-Өлөң айылындагы жергиликтүү жамааттан-16 делегат.

(Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2022-жылдын 17-октябрындагы № 20 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын чогулуштарын өткөрүүнүн графиги төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

- Коңур-Өлөң айылында – 2022-жылдын 17-октябры;

- Көл-Төр айылында – 2022-жылдын 18-октябры;

- Тогуз-Булак айылында – 2022-жылдын 19-октябры;

(Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2022-жылдын 17-октябрындагы № 20 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй курамда жумушчу топ бекитилсин:

- Муканбетов Эрик Кайыпбекович - айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;

- Туратбеков Шекербек – айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы;

- Болотбеков Чыңгыз Болотбекович – айылдык кеңештин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү;

- Өмүракунова Нургүл Шамалбековна – айылдык кеңештин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү;

- Касымов Жолдошбек Турумбекович – Тогуз-Булак айылынын айыл башчысы, жумушчу топтун мүчөсү;

- Кубанычбек уулу Санжар – Көл-Төр айылынын айыл башчысы, жумушчу топтун мүчөсү;

- Дайрабаев Тынарбек Дүрбөлөңович – Конур-Өлөң айылынын айыл башчысы, жумушчу топтун мүчөсү;

7. Жумушчу топко биринчи Элдик Курултайды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы №2 чечими менен бекитилген “Биринчи Элдик Курултайды даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планына” жана “Биринчи Элдик Курултайга Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынан жана шаарлардан делегаттарды шайлоо боюнча нускамага” ылайык иштерди алып баруу тапшырылсын.

8. Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулуна биринчи Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштурууга көмөк көрсөтүү, жергиликтүү курултайдын делегаттарына мандаттарды даярдоо жана башка уюштуруу иштерине кетүүчү каражаттарды карап берүү жагы тапшырылсын.

Төрага

Э.Муканбетов
