# Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 13 "Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2022-жылы алты айдын жыйынтыгы менен киреше салыгын ашык аткаруудан түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 13 "Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2022-жылы алты айдын жыйынтыгы менен киреше салыгын ашык аткаруудан түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 13
- Дата принятия: 22.07.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 22.07.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/135011>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-11182/edition/1195046/ru>

> Текст приведён по редакции от 22.07.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 13 "Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2022-жылы алты айдын жыйынтыгы менен киреше салыгын ашык аткаруудан түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө" токтому (ред. от 22.07.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/135011

---

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы 2022-жылдын 22-июлу № 13 Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2022-жылы алты айдын жыйынтыгы менен киреше салыгын ашык аткаруудан түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2022-жылы алты айдын жыйынтыгы кабыл алынган пландан киреше салыгы ашык түшкөндүгүнө байланыштуу Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү максатында Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Киреше салыгынын ашык аткарылгандыгына байланыштуу төмөндөгү иш чараларга:

- 50000 сом 1-С Бухгалтериянын программасын жаныртууга;

- 20000 сом Кыргыз Республикасынын Президентинин “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында аттестация өткөрүү жана сыноо мөөнөтүн өтүү маселелери жөнүндө; 2022-жылдын 31-майында ПЖ №169 Жарлыгын, 22.02.2022-ж №24 “КР мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жобосунун негизинде айыл аймактар арасында өтө турган семинарга;

- 200 000 сом таштанды полигондорун корууга;

- 10 000 сом 2022-жылдын жарым жылдыгына газета журналдарга жазылуу үчүн;

- 24 000 сом планшет алуу үчүн жумшалсын.

Бардык сумма: 304000сом (Үч жүз төрт миң сом).

2. Бардык 304000сом акча каражаты 2022-жылдын 3-кварталынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Рыспай уулу Тойчубекке, көзөмөлү бюджет комитетине тапшырылсын.

Төрага

Э.Муканбетов
