Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин «Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2022-жылы алты айдын жыйынтыгы менен киреше салыгын ашык аткаруудан түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө» токтому
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы 2022-жылдын 22-июлу № 13 Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2022-жылы алты айдын жыйынтыгы менен киреше салыгын ашык аткаруудан түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2022-жылы алты айдын жыйынтыгы кабыл алынган пландан киреше салыгы ашык түшкөндүгүнө байланыштуу Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү максатында Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Киреше салыгынын ашык аткарылгандыгына байланыштуу төмөндөгү иш чараларга:
- 50000 сом 1-С Бухгалтериянын программасын жаныртууга;
- 20000 сом Кыргыз Республикасынын Президентинин “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында аттестация өткөрүү жана сыноо мөөнөтүн өтүү маселелери жөнүндө; 2022-жылдын 31-майында ПЖ №169 Жарлыгын, 22.02.2022-ж №24 “КР мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жобосунун негизинде айыл аймактар арасында өтө турган семинарга;
- 200 000 сом таштанды полигондорун корууга;
- 10 000 сом 2022-жылдын жарым жылдыгына газета журналдарга жазылуу үчүн;
- 24 000 сом планшет алуу үчүн жумшалсын.
Бардык сумма: 304000сом (Үч жүз төрт миң сом).
2. Бардык 304000сом акча каражаты 2022-жылдын 3-кварталынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Рыспай уулу Тойчубекке, көзөмөлү бюджет комитетине тапшырылсын.
Төрага
Э.Муканбетов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.