Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020- жылдын 20- февралындагы “CASA 1000 долбоорунун ишке ашыруу жөнүндө ” № 105 токтомуну талаптарынын негизинде жана Ош жогорку чыналуудагы электр тармактары ишканасынын 2020- жылдын 26- февралындагы № 13-3/169 катынын талаптарын ишке ашыруу туралуу» токтому
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин 6 чакырылышынын кезектеги-XXIII сессиясынын 2020-жылдын 16-марты № 23-1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020- жылдын 20- февралындагы “CASA 1000 долбоорунун ишке ашыруу жөнүндө ” № 105 токтомуну талаптарынын негизинде жана Ош жогорку чыналуудагы электр тармактары ишканасынын 2020- жылдын 26- февралындагы № 13-3/169 катынын талаптарын ишке ашыруу туралуу (Он Эки Бел айылдык кеңешинин 2021-жылдын 4-февралындагы № 29-4 токтомуна редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын 2016- жылдын 15- июлундагы № 114 Мыйзамы менен ратификацияланган “CASA 1000 долбоорунун” алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020- жылдын 20- февралындагы “CASA 1000 долбоорунун ишке ашыруу жөнүндө ” № 105 токтомуну талаптарынын негизинде жана Ош жогорку чыналуудагы электр тармактары ишканасынын 2020- жылдын 26- февралындагы № 13-3/169 катынын талаптарын ишке ашыруу максатында “CASA 1000” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасына таандык “Датка- Сугд” ЖЧ 500 кВ электр линиясы Он Эки Бел айыл аймагынын административдик аймагы аркылуу өтүүчү жалпысы 4047,21 метр жер аянты аркылуу өтөрү (анын ичинде 12 даана электр аба чубалгыларынын тирөөчтөрүн орнотуу үчүн 4412 м2 жер аянтына орнотулары) долбоорлощтурулгандыгын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13, 25- беренелеринин негизинде Он Эки Бел айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын кезектеги 23- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020- жылдын 20- февралындагы “CASA 1000 долбоорунун ишке ашыруу жөнүндө” № 105 токтомунун талаптарынын негизинде жана Ош жогорку чыналуудагы электр тармактары ишканасынын 2020- жылдын 26- февралындагы № 13-3/169 каты аткарууга жана жетекчилике алынсын.
2. Он-Эки-Бел айыл аймагынан өтүүчү “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу үчүн 10 даана тирөөчтөрүн орнотуу үчүн №1339, 1311, 1300, 1299, 1278, 1273, 1260, 1248, 1249, 1240, 1021, 1026 контурларында жайгашкан жалпы 3690 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган жайыт жер участокторун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
(Он Эки Бел айылдык кеңешинин 2021-жылдын 4-февралындагы № 29-4 токтомуна редакциясына ылайык)
3. Он Эки Бел айыл аймагынын административдик аймагы аркылуу “CASA 1000” долбоорунун электр аба чубалгыларынын тирөөчтөрү ээлеген үлуштүк жер аянттарын которуу боюнча жер ээлерине компенсацияларды төлөп берүү жагы (жайыт жер аянттарынан тышкары) жогорку тиешелүү органдарга сунушталсын.
4. Он Эки Бел айыл аймагынын административдик аймагы аркылуу “CASA 1000” долбоорунун электр аба чубалгылары өтүүчү аралык сакталуучу жайы 85 метр аралыкта мажбурлаган сервитут сакталсын.
5. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турсункуловго тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Он Эки Бел айылдык Кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын .
Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы :
Д.Кантов.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 1 · связанные 0
Цитируется в (1)
Ссылается на (2)
- Закон «О ратификации Кредитного соглашения между Кыргызской Республикой и Исламским банком развития (Кыргызская часть Проекта передачи и торговли электроэнергией Центральная Азия…Закон · 15.07.2016 · № 114
Показаны 1 из 2. Полный список - в панели ссылок.