Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Момбеков айылдык кеңешинин «Момбеков айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджетин жана 2022-2023-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жѳнүндѳ» токтому
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Момбеков айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XXXX-сессиясы 2021-жылдын 15-январы № 2 Момбеков айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджетин жана 2022-2023-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жѳнүндѳ Момбеков айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн финансы экономиа бѳлүмүнүн башчысы Ч.А.Тѳлѳнова айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга бюджетинин долбоору боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын 40-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн финансы экономика бѳлүмүнүн башчысы Ч.А.Тѳлѳнова айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга бюджетинин долбоору боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга 22842500 сом, 2022-жылга долбоору 22844400 сом жана 2023-жылга 23221600 сомго № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Момбеков айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашалары 2021-жылга 22842500 сом, 2022-жылга долбоору 22844400 сом жана 2023-жылга 23221600 сомго № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
4. Момбеков айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021- жылдын 1-январына карата калган калдыгы № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
5. Момбеков айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021- жылдын 1-январына карата кассалык накталай акча каражат жүгүртүүсү 100000 сом ѳлчѳмүндѳ белгиленсин.
6. Жергиликтүү бюджеттин чыгашалары биринчи кезекте корголуучу статья чыгымдарына (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак аш чыгымы) жана коммуналдык кызмат кѳрсѳтүүлѳргѳ каралсын.
7. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жѳнүндѳгү Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы №78 мыйзамынын 23-беренесине ылайык 2021-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин 1% эсебиндеги 200000 сомдук Момбеков айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын резерв фондусу түзүлсүн.
8. Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин түшүүсүнѳ карата жана Финансы Министрлиги тарабынан берилген ѳзгѳрүүлѳрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке ѳзгѳрүүлѳрдү киргизүү бюджеттин натыйжалуулугун кѳтѳрүү жагы финансы экономика бѳлүмүнүн башчысы Ч.Тѳлѳновага жүктѳлсүн.
9. Жалпы ата-энелер чогулушунун токтому бекитилип балдар бакчасынын ата-энелер тѳлѳмү айына бир балага 700 (жети жүз) сомдон, ал эми жылына 2 200 000 (эки миллион эки жүз миң) сом план каралсын.
10. ЖѲБнүн КРнын мыйзамынын 37-берене 6-пунктуна жана кеңештин 2013-жылы VIII сессиясынын №1 токтомуна ылайык кеңештин тѳрагасына ѳткѳргѳн сессиясына компенсация тѳлѳп берилсин.
11. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
12. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Момбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы:
Т. Стамбаев
Момбеков айыл аймагынын Момбеков кеңешинин XXVII-чакырылышынын 40-сессиясынын № 2 токтомунун №1 тиркеме
2021-жылга бюджетти жана 2022-2023-жылдарга бюджеттик кирешелери
Кирешелердин аттары
2021-ж. план
2022-ж.план
2023-ж. план
Киреше салыгы
10394,3
10987,0
11459,0
Ыктыярдуу патент
400,0
400,0
400,0
Кыймылсыз мүлккѳ салык
70,0
70,0
70,0
Транспорт салыгы
1170,0
1170,0
1170,0
Там арка салыгы
179,2
179,2
179,2
Айыл чарба багытындагы жер салыгы
832,5
832,5
832,5
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы
725,0
725,0
725,0
Калктуу пунктардан түшүүчү салык
70,0
70,0
70,0
Жалпы салыктар
13841,0
14433,7
14905,7
Лицензия кармоочуулардан тѳлѳмү үчүн
113,0
113,0
113,0
Кайра бѳлүштүрүү жер ижара акысы
2000,0
2000,0
2000,0
Жайыт ижара акысы
15,0
15,0
15,0
Жалпы салык эмес жыйымдар
2128,0
2128,0
2128,0
Актив жана милдеттемелер
0,0
0,0
0,0
Айыл чарба багытындагы эмес жер сатуу
0,0
0,0
0,0
Жыйынтыгы жалы бюджеттик киреше
15969,0
16561,7
17033,7
атайын каражат
2200,0
2200,0
2200,0
жалпы киреше
18169,0
18761,7
19233,7
теңдѳѳчү грант
4673,5
4082,7
3987,9
Бардык кирешелер
22842,5
22844,4
23221,6
Момбеков айыл аймагынын Момбеков кеңешинин XXVII-чакырылышынын 40-сессиясынын № 2 токтомунун № 2 тиркеме
2021-жылга бюджетти жана 2022-2023-жылдарга бюджеттик чыгашалары
Мекемелердин аталышы
2021-ж план
2022-ж план
2023-ж план
Мамлекеттик тейлѳѳ тармагы
8793,5
8805,4
8902,5
Билим берүү тармагы
7525,0
7525,0
7605,0
анын ичинен :
Балдар бакчасына
4375,0
4375,0
4405,0
Мектептерге
3150,0
3150,0
3200,0
Маданият тармагына
612,0
612,0
662,1
анын ичинен :
Китепканага
210,0
210,0
230,0
Маданият үйүнѳ
402,0
402,0
432,1
ЖКХ
3702,0
3702,0
3852,0
Жыйынтыгы бюджеттик чыгашасы
20632,5
20644,4
21021,6
Атайын каражат
2200,0
2200,0
2200,0
Жалпы чыгаша
22832,5
22844,4
23221,6
Момбеков айыл аймагынын Момбеков кеңешинин XXVII-чакырылышынын 40-сессиясынын № 2 токтомунун № 3 тиркеме
Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 01.01.2021-жылга калган 5705508 сом 48 тыйын калдыкты бѳлүштүрүү боюнча эсеби
Аппарат Берене 2215 1-кв
№
Аталышы
Сумма
1
Накталай акча жүгүртүүгѳ
100000
Балдар бакчасы Берене 3111 1-кв
№
Аталышы
Сумма
1
Таштак балдар бакчасынын абадташтыруу ѳздүк салымынын калган калдыгы
100000
2
Техникалык кѳзѳмѳлдѳѳчүнүн эмгек акысына калган калдыгы (Таштак балдар бакчасынын абадташтыруусу )
40000
140000
Берене 2222
№
Аталышы
Сумма
1
Гүлзар балдар бакчасына ѳрт ѳчүрүүчү шайман алууга
65508
Жыйынтыгы
205508
Берене 3111
№
Аталышы
Сумма
1
Кыла эс алуу паркынын курулуш иштеринин калган калдыгы
1400000
Жыйынтыгы
1400000
Берене 3111
№
Аталышы
Сумма
1
Кыла маданият үйүнүн капиталдык ремонт иштеринин ѳздүк салымына
4000000
Жыйынтыгы :
4000000
Жалпы жыйынтыгы:
5705508
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике»Закон · 11.06.1998 · № 78 · Утратил силу