Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Момбеков айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын катын кароо жөнүндө» токтому
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Момбеков айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVIII-сессиясы 2020-жылдын 2-декабры № 6 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын катын кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө 2016-жылдын 5-январындагы № 1-токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы № 528-токтомуна ылайык айыл өкмөтүнүн башчысы Ж Сейитованын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын 38-сессиясы токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы Ж Сейитованын маалыматы эске алынсын.
2. Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу үчүн экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын эсебине айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 307692 сом (үч жүз жети миң алты жүз токсон эки мин) акча каражаты которулуп берилсин.
3. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Ф.Э.Бнүнү башчысы Ч Төлөновага жүктөлсүн.
Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы:
Т.Стамбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.