Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин «“Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасы кайрылуусун кароо жөнүндө» токтому
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы 2021-жылдын 3-февралы № 27 “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасы кайрылуусун кароо жөнүндө “Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата тиркемелерге ылайык түзүлгөн бюджеттин жана таштанды чыгаруу үчүн баасын, штаттык бирдигин бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXI сессиясы
Токтом кылат:
1. “Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын башчысы М.Чоңатаевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. ”Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата түзүлгөн бюджети 5 098 444 (беш миллион токсон сегиз миң төрт жүз кырк төрт) сомго 1-2-3-4-5-6-7-8-9-10-11-12-тиркемелерге ылайык бекитилип, анын ичинен 1 602 444 (бир миллион алты жүз эки миң төрт жүз кырк төрт) сом атайын түшүүчү акча каражатынын эсебинен, калганы жергиликтүү бюджеттен 3 496 000 (үч миллион төрт жүз токсон алты миң) сом субсидияга берилсин.
3. Таштанды чыгаруу үчүн тарифтик баалары 11-12-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. ”Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата түзүлгөн штаттык бирдиги, Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин штаттык бирдиктеринде кошумча үстөк акылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомунун 4-пунктунун 4-пунктчасына ылайык төлөп берүү жагы мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилсин жана төмөнкүлөр белгиленсин.
- мамлекеттик жарандык кызматчы жана муниципалдык кызматчы өргүүгө чыкканда ден соолугун чыңдоо үчүн ага эки айлык эмгек акы өлчөмүндө жөлөкпул төлөнөрү;
- бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашаган жана иштеген мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үстөк төлөнөрү;
- иштин жашырын мүнөзү үчүн мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайыздык үстөк төлөнөрү;
- жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген башка үстөктөрдү жана төлөөлөрдү белгилеши мүмкүн экендиги:
5. Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн бюджетинен жана атайын түшүүчү каражаттын эсебинен каржыланган “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын (штаттык бирдиктерине өзгөтүүлөр кирген мекемелер) штаттык бирдиктери токтомдо тиркелген №2 тиркемелерге ылайык өзгөртүү толуктоолор менен бекитилсин жана кызматтык пайдалануу үчүн (КПҮ) колдонулуусу белгиленсин.
6. Атайын түшүүчү каражат эсептен жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн алдындагы “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиги, беш кызматкерге атайын түшүүчү акча каражатынын эсебинен жана калган кызматкерлерге субцидиянын эсебинен эмгек акысы төлөнүп берилсин.Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXI сессиясындагы № 27- токтомунун негизинде №2-тиркемеге ылайык, өзгөртүү толуктоолор менен бекитилсин жана кызматтык пайдалануу үчүн (КПҮ) колдонулуусу белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомунун негизинде мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга баалоонун жыйынтыгы менен кошулган каражат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 65-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын жогорулагандыгына байланыштуу керектелүүчү каражат (республикалык бюджеттен төлөнүүчү компенсация албаган мекемелер) 2021-жылга бекитилген сметанын эсебинен төлөп берүү жагы жана жыл аягына чейин жетпей калган каражаттын айырмасын 2021-жылда үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен каржылоого сунуш берүү мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилсин.
8. Жергиликтүү бюджеттен жана атайын түшүүчү каражаттын эсебинен каржыланган мекемелердин муниципалдык кызматка кирбеген штат бирдиктерине кошумча үстөк акылар эмгек акынын аздыгын эске алуу менен “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын штат бирдигинде көрсөтүлгөн 3000 (үч миң) сомдон үстөк акыга ылайык төлөп берүү жагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
9. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
10. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Чонатаевге милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы:
Ж.Бегалиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 1 марта 2017 года № 131 "Об оценке деятельности и условиях оплаты труда государственных гражданских служащих и муниципальных служащих Кыргызской…Постановление · 01.03.2017 · № 131 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 5 февраля 2020 года № 65 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики, регулирующие условия оплаты труда…Постановление · 05.02.2020 · № 65 · Утратил силу