# Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 10 "Улуу Жеңиштин каармандарына арналган эстеликти оңдоо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 10 "Улуу Жеңиштин каармандарына арналган эстеликти оңдоо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 10
- Статус: Действует
- Редакция от: 03.02.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/134342>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-10629/edition/1191222/ru>

> Текст приведён по редакции от 03.02.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 10 "Улуу Жеңиштин каармандарына арналган эстеликти оңдоо жөнүндө" токтому (ред. от 03.02.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/134342

---

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы 2021-жылдын 3-февралы № 10 Улуу Жеңиштин каармандарына арналган эстеликти оңдоо жөнүндө Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун каармандарына арналган эстеликти оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXХI сессиясы

Токтом кылат:

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусу эске алынсын.

2. Каныш-Кыя айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун каармандарына арналган эстеликти оңдоп түзөөдөн өткөрүүгө, даярдалган долбоордо көрсөтүлгөн 2 303 812 (эки миллион үч жүз үч миң сегиз жүз он эки) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.Бегалиев
