# Көк-Арт айылдык кеңешинин 2021-жылдын 9-августундагы № 1 "Көк-Арт айыл аймагында Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын каттоо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Көк-Арт айылдык кеңешинин 2021-жылдын 9-августундагы № 1 "Көк-Арт айыл аймагында Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын каттоо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 09.08.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 09.08.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/134192>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-10484/edition/1190383/ru>

> Текст приведён по редакции от 09.08.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Көк-Арт айылдык кеңешинин 2021-жылдын 9-августундагы № 1 "Көк-Арт айыл аймагында Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын каттоо жөнүндө" токтому (ред. от 09.08.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/134192

---

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXV -сессиясы 2021-жылдын 9-августу № 1 Көк-Арт айыл аймагында Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын каттоо жөнүндө Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (КАИА) аткаруу комитетинин жетекчиси А.Жолдошованын маалыматын угуп жана талкуулап, 2005-жылдын 21-февралындагы №36 “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” КР Мыйзамын жана 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамын жетекчиликке алып, Көк-Арт айыл аймагында түзүлгөн Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясын айылдык кеңеште каттоо боюнча Көк-Арт айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 25-сессиясы, угуп жана талкуулап, токтом кылат:

1. Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясы (КАИА) айылдык кеңештен каттоодон өткөрүлсүн.

2. Аталган Токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине каттоо айылдык кеңештин жооптуу катчысы Г.Акпаралиевага жүктөлсүн.

3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Токтомду аткаруу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Кудайбердиевке милдеттендирилсин.

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы:

С.Жуманазаров
