Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Гулистан айыл кеңешинин «“CASA-1000” долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Гулистан айыл кеңешинин (VI-шайланган) кезектеги XХXV -сессиясы 2021-жылдын 9-февралы № XXXV-5 “CASA-1000” долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы №12 “Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Гулистан айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагынан өтүүчү “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу үчүн 4 даана электр аба чубалгысынын тирөөчтөрүн орнотуу үчүн № 94,95,139,168 контурларында жайгашкан жалпы 1333 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган сугат айдоо жер участокторун, жалпы 1333 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган кайрак айдоо жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Гулистан айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Тажимаматовго долбоордун алкагында мыйзамдуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаровго тапшырылсын
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы:
У.Мирзакулов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам поддержки инвестиций»Закон · 26.12.2020 · № 12