Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Айдаралиев айылдык кеңешинин «Айдаралиев айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө» токтому
АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 26-январы № 02 Айдаралиев айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө Айдаралиев айыл Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Айдаралиев айылдык аймактык Кеңешинин 2022-жылга бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 7227,7 миң сом өлчөмүндө жана чыгаша бөлүгү боюнча 7227,7 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Айдаралиев айылдык аймактык Кенешинин 2022-жылга бюджетинин киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык киреше булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө турганы аныкталсын.
4. Айдаралиев айылдык аймактык Кенешинин 2022-жылга чыгаша бөлүгү №2 тиркемеге ылайык чыгаша булактардан турары белгиленип бекитилсин.
5. Айдаралиев айылдык аймактык Кенешинин бюджетинин 2022-жылга карата бюджетти 7227,7 миң сомго бекитилсин. 2023-жылга карата бюджетти 7309,5 миң сомго, 2024-жылга карата бюджетти 7395,5 миң сомго болжолдуу түрдө №3 тиркемеге бекитилсин.
6. Айдаралиев айылдык аймактык Кеңештин 2022-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча жалпы өлчөмү № 4 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.
7. 2022-жылга карата айылдык аймагы боюнча резервдик фонд 64,8 миң сом бардык кирешенин 1% эсебинде түзүлсүн, чыгашанын аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жергиликтүү Кеңештин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн. № 5 тиркеме түзүлсүн.
8. Айдаралиев айылдык аймактык Кеңештин 2022-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн расчеттору № 6 тиркемеге ылайык белгиленип берилсин.
9. Айдаралиев айыл аймагындагы “Көпүрө-Базар” балдар бакчасына ата-энелерден түшүүчү каражаттын киреше бөлүгү 660,0 миң сом өлчөмүндө жана чыгаша бөлүгү 660,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин. Айдаралиев айыл аймагындагы “Көпүрө-Базар” балдар бакчасына ата-энелерден түшүүчү каражат атайын каражаттын негизинде көзөмөлгө алынсын.
11. Жайыт комитетинин 2022-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 450,0 миң сом жана чыгаша бөлүгү үчтөн эки бөлүгү 300,0 миң сом өлчөмүндө жайыт комитетинде, үчтөн бир бөлүгү 150,0 миң сом айыл өкмөтүнүн бюджетинде бекитилсин.
12. Кабыл алынган токтомдун туура жана так аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү айылдык аймактык Кеңешинин «Айыл чарба экономикалык реформалардын жүрүшү
жана бюджет» боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
13. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жергиликтүү бюджеттин
кирешелер бөлүмүн чындоо максатында төмөндөгү салыктар жана жыйымдар киргизилсин жана алардын ставкалары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
14. Жергиликтүү салыктар
Жер салыктар:
- Юридикалык тараптан алынуучу салык сугат жерлерге 154,44 сом, кайрак жерлерге 27,30 сом, көп жылдык бак дарактарга 154 сом, жакынкы жайыт жерлерге 5,82 сом өлчөмүндө ар бир гектарга бекитилсин.
- Мүлк салыгы. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде бекитилсин. Кыймылдуу мүлккө салык салыктын бул түрүн менчик автотраспорттору жана айыл чарба техникалары бар жактар төлөөчү болуп эсептелет. Салык чегерүү обңектиси жана өлчөмү КР Салык кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.
- Жалпы мамлекеттик салыктар. “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” КР Мыйзамынын негизинде Айдаралиев айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине салык агенттери тарабынан төлөнүүчү киреше салыктын 100 пайыз өлчөмүндө түшүүсү, сатуудан салык 25 пайыз өлчөмүндө түшүүсү, ыктыярдуу патенттин негизинде алынуучу салык, милдеттүү патенттин негизинде алынуучу салык 100 пайыз өлчөмүндө түшүүсү белгиленсин. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде бекитилсин.
- Салыктык эмес кирешелер. Муниципалдык менчикте жана КБФ жерлеринин ижара акысы түзүлгөн келишимдин негизинде бекитилсин. Жайыт пайдалануучу төлөм КР Бюджеттик кодексинин “Жайыттар жөнүндө мыйзамынын” ченемдерине ылайык бекитилсин.
15. Айыл өкмөтүнүн мекеме уюмдары жыл ичинде каржылоо чыгымдарына зарыл болгон учурда ар бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө статьядан статьяга, чейректен чейрекке жылдыруу жагы Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-беренесинин негизинде жүргүзүлсүн.
16. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн 13 штаттык бирдиги- анын ичинде: 1 штат кенже тейлөө кызматкери, 1 штат техникалык тейлөө кызматкери , 1 штат бирдиги аскердик каттоо столунун инспектору, 1 штат вакант КР Өкмөтүнүн 8-июль 2013-жылдагы №403 токтомунун жана кызматкерлердин эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы №466 токтомунун негизинде бекитилсин.
17. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине компьютердин зыяндуулугу боюнча төлөмү КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 токтомунун жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин 2019-жылдын 17-июнундагы №120/76Д жана 2020-жылдын 17-декабрындагы №385 протоколдорунун негизинде бекитилсин.
18. Талас райондук маданият бөлүмүнүн Талас райондук борборлоштурулган Б.И.Мукуйтова атындагы китепканасына караштуу Айдаралиев айылдык аймагынын алдындагы Көпүрө-Базар китепканасына 2 китепкана башчысы жана 1 категориядагы 1 китепканачы КРӨ 2019-жылдын 27-августундагы №429 токтомунун негизинде бекитилсин.
19. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Айдаралиев айыл Кеңешинин алдындагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым:
А.Токтогулова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Постановление Правительства КР от 11 апреля 2016 года № 201 "Об утверждении актов в области общественного здравоохранения"Постановление · 11.04.2016 · № 201
- Постановление Правительства КР от 27 августа 2019 года № 429 "Об условиях оплаты труда работников учреждений культуры, искусства и информации"Постановление · 27.08.2019 · № 429
- Постановление Правительства КР от 7 августа 2017 года № 466 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об оценке деятельности и условиях оплаты…Постановление · 07.08.2017 · № 466 · Утратил силу