# Айдаралиев айылдык кеңешинин 2021-жылдын 03-декабрындагы № 61 "Айдаралиев айылдык аймагындагы (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) № 983 контурундагы 0,10 га, №1510 контурундагы 0,10 га жер аянтын кум-шагыл аралашмасын алуу үчүн которууга (трансформация кылууга) макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Айдаралиев айылдык кеңешинин 2021-жылдын 03-декабрындагы № 61 "Айдаралиев айылдык аймагындагы (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) № 983 контурундагы 0,10 га, №1510 контурундагы 0,10 га жер аянтын кум-шагыл аралашмасын алуу үчүн которууга (трансформация кылууга) макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 61
- Дата принятия: 03.12.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 03.12.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/133938>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-10233/edition/1189073/ru>

> Текст приведён по редакции от 03.12.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Айдаралиев айылдык кеңешинин 2021-жылдын 03-декабрындагы № 61 "Айдаралиев айылдык аймагындагы (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) № 983 контурундагы 0,10 га, №1510 контурундагы 0,10 га жер аянтын кум-шагыл аралашмасын алуу үчүн которууга (трансформация кылууга) макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 03.12.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/133938

---

АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 03-декабры № 61 Айдаралиев айылдык аймагындагы (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) № 983 контурундагы 0,10 га, №1510 контурундагы 0,10 га жер аянтын кум-шагыл аралашмасын алуу үчүн которууга (трансформация кылууга) макулдук берүү жөнүндө Айдаралиев айыл аймагындагы жолдорду оңдоо үчүн жана жашоочулардын курулуш иштеринде кум-шагыл аралашмасын алуу үчүн атайын жер аянты жок болгондугуна байланыштуу Айдаралиев айылдык аймагындагы (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) менен аныкталган № 983 контурундагы 0,10 га жер аянтын кум-шагыл аралашмасын алуу үчүн которууга (трансформация) айыл өкмөт башчысынын кайрылуусун жана Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 19-ноябрындагыдагы №02-5/325 катындагы корутундусун, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2021-жылдын 1-декабрындагы корутундусун карап чыгып

Айдаралиев айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Айдаралиев айыл аймагындагы жолдорду оңдоо үчүн жана жашоочулардын курулуш иштеринде кум-шагыл аралашмасын алуу үчүн атайын жер аянты жок болгондугуна байланыштуу Айдаралиев айылдык аймагындагы (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) менен аныкталган № 983 контурундагы 0,10 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы жайыт жерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы №43 Токтому менен бекиген “Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жобонун” негизинде (кум-шагыл аралашмасын алуу үчүн карьерге) которууга (трансформация кылууга) макулдук берилсин.

2. Көрсөтүлгөн жер аянтын которууга тиешелүү иш алып баруу жагы Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысы Ниясалиев Маратбек Анарбековичке милдеттендирилсин.

Төрайым:

А.Токтогулова
