Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кеңеш айылдык Кеңешинин «Кенеш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2022-2023 жылдарга болжолу жөнүндө» токтому
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясы 2020-жылдын 28-декабры № 4 Кенеш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2022-2023 жылдарга болжолу жөнүндө Кенеш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга түзүлүшүн бекитүү жана 2022-2023 жылдарга болжолу түзүлүшүн бекитүү жөнүндөгү Ф.Э.Б.башчысы С. Капарованын бирдирүүсүн угуп жана талкуулап, Бюджет жана экономика комитетинин корутундусуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенеш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга бюджеттин киреше бөлүгү 34 млн 827 мин 300 сомго, № 1-2-тиркеме ылайык ал эми чыгаша бөлүгү 34 млн 827 мин 300 сом ал эми анын ичинен атайын каражаттын киреше бөлүгү 3 млн 611 мин сомго ал эми чыгаша бөлүгү 10 млн 111 мин сом бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын «Жайыт жөнүндө» мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрүнө байланыштуу жайыт комитетинин бюджети киреше бөлүгү 1млн 057 мин сомго ал эми чыгаша бөлүгү 1 млн 057 мин сомго бекитилсин. Жайыттын киреше төлөмдөрүн планын аткаруу К.Айдаровко милдетендирилсин.
3. 2022- жылга кирешелер боюнча болжол 35 млн 208 миң 600 сом суммасында, 2023-жылга 35 млн 677 миң 300 сом суммасында № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2022- жылга чыгашалар боюнча болжол 35 млн 208 миң 600 сом суммасында,2023-жылга 35 млн.677 миң 300 сом суммасында № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2021-жылы Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттке берилүүчү тендөөчү гранттардын өлчөмдөрү №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Айыл аймагынын 2021-жылга бекитилген бюджеттин беренелерде корсотулгон өлчөмдөрдө кирше булактарынын пландарын аткарууну камсыз кылуу айыл аймагынын салык бөлумунун башчысы Д. Токтосуновко милдеттендирилсин жана көзөмөлдөө Кенештин «Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Кенеш айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүлүшүнө жараша салыктын түрлөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү, салык инспекциясынын макулдугу менен жергиликтүү бюджетке тиешеси бар ар бир салыктын көлөмүнүн өзгөрүшү менен Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан берилген уведомлениелердин негизинде чектөө планына өзгөртүү киргизүүнү сунуштоо айыл аймагынын Ф.Э.Б.нүн башчысы С. Капаровага милдеттендирилсин.
7. Кенеш Тазалык муниципиалдык ишканасына субсидия иретинде 700,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
8. «Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык республикалык бюджеттен бөлүштүрүлүп берилген жана тендештирүүчү гранттар биринчи кезекте корголгон жана коммуналдык беренелерине каралары белгиленсин.
9. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекстин” 24-беренесинин негизинде жалпы бюджеттин 1,0 пайызы же 312 мин 166 сом өлчөмүндө айыл аймагынын резервдик фонду болуп бекитилсин.
10. Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекстин» 110-беренеси Кенеш айыл аймагынын 2021-жылга жүгүртүүдөгү кассалык акчанын көлөмү 50 (элүү) мин сом болуп бекитилсин.
11. Кенеш айыл аймагынын табият кырсыктарынын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча 2021-жылга кол тийгис 500,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана ал каржатты максаттуу пайдаланылсын.
12. Кенеш айыл аймагынын «Жарандык коргоого» бөлүнгөн 200,0 мин сом акча каражаты«Жарандык коргоо» комиссиясынын иш плаанын негизинде комиссиянын чечими менен иштетүү милдеттендирилсин.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8 июль күнкү № 403 токтомуна негиз Кенеш айыл аймагынын кызматкерлеринин штаты 20 бирдик санында жана 4 штаттык бирдик санында техникалык тейлөө кызматкерлери бекитилсин.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8 июль күнкү № 403 токтомуна эскертмесине негиз айыл аймагынын Аскердик Каттоо Бөлүмүнө 6 штаттык бирдикте инспекторлордун кызматы бекитилсин.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы №268 “Маданият искусство жана маалмат мекемелеринин кызматкерлерине 10 штаттык бирдик санында бекитилсин.
16. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 52-беренесине негиз айыл аймагындагы 8 айылга айыл башчынын кызмат орду киргизилсин.
17. Кенеш айыл аймагынына караштуу айылдардагы мал жана канатуулардын санын тактоо өз ручурунда уколдоп жана дарылоону учурунда камсыз кылуу жана отчотторун жүргүзүү үчүн бюджеттин түрдүү чыгымдар беренесинен малчарба жана ветеринардык кызматы үчүн контрактын негизинде 150,4 мин сом социалдык төлөмдөр жана чегерүүлөр ичинде кызмат акысы белгиленсин.
18. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кенеш айылдык Кенешинин «Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссияга жана айыл аймагынын Ф.Э.Бнүн башчысы С.Капаровага тапшырылсын.
19. Муниципиалдык кызматкерлердин квалификациясын ашыруу тажрыйбасын арттыруу жана башка атайын окууларга жөнөтүүгө 100,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
20. Мыйзамдуу жагын карап берүү Кенеш айыл аймагынын юристи М.Каиповко милдеттендирилсин.
21. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
22. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кенешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.
23. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:
К.Аттокуров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 31 мая 2011 года № 268 "О вопросах оплаты труда работников учреждений культуры, искусства и информации"Постановление · 31.05.2011 · № 268 · Утратил силу