# Алайку айылдык кеңешинин 2021-жылдын 14 - январындагы № 27/8 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүүөз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү тууралуу

- Полное наименование: Алайку айылдык кеңешинин 2021-жылдын 14 - январындагы № 27/8 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүүөз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү тууралуу
- Вид акта: Постановление
- Номер: 27/8
- Дата принятия: 14.01.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 14.01.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/133595>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-9927/edition/1183593/ru>

> Текст приведён по редакции от 14.01.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Алайку айылдык кеңешинин 2021-жылдын 14 - январындагы № 27/8 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүүөз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү тууралуу (ред. от 14.01.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/133595

---

АЛАЙКУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Алайку айылдык кеңешинин кезектеги 27- сессиясынын (6-чакырылыш) жыйналышынын 2021-жылдын 14 - январы № 27/8 Кыргыз Республикасынын Жергиликтүүөз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү тууралуу Алайку айылдык кеңешинин кирешелер жана чыгашалар боюнча туруктуу комиссиясынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташтыкты күчөтүү жана анын тийиштүү мүчөлүк акыларын убагында төлөө тууралуу билдирүусүн угуп жана талкуулап, Алайку айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 24-октябрындагы №309 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесине ылайык КР ЖӨБ Союзунун мүчөсү болуп эсептелгендиктен

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алайку айылдык Кеңеши жана Алайку айыл Өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, КР ЖӨБ Союзунун уставында белгиленген тартипте кызматташууну күчөтүү жана мындан ары өркүндөтүү боюнча иш аракеттерди жүргүзсүн.

2. Алайку айыл өкмөтүнө КР ЖӨБ Союзу менен тараптардын ар биринин милдеттерин камтыган келишимди иштеп чыгып, кол коюу жагы тапшырылсын.

3. Алайку айыл өкмөтүнө жогорудагы ченемдик укуктук актлырдын негизинде КР ЖӨБ Союзуна мүчө болгондуктан анын уставынын 3.7 пунктуна ылайык ар бир жылдын биринчи кварталында айыл аймактын калкынын санынын өсүшүнө жараша ар бир жашоочуга 1 сомдон кем эмес өлчөмүндөгү мүчөлүк акыны жергиликтүү бюджеттин эсебинен КР ЖӨБ Союзунун эсептик счетуна которуп берүүгө уруксат берилсин.

4. Токтомду расмий булактарга жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жергиликтүү кеңештин жоопту катчысы Нурлан уулу Садыка милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Алайку айылдык кеңешинин кирешелер жана чыгашалар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Алайку айылдык кеңешинин төрагасы:

М.Салибаев
