# А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16-мартындагы № 6-2 "А.Мирмахмудов айыл аймагынын Киров айылынын Ош көчөсүндөгү эски автобазанын ичинде жайгашкан Абдурасулов Нурсабырды менчиги болгон 269,4 чарчы метр жер аянтынын пайдалануу багытын турак жай куруу үчүн өзгөртүүө жөнүндө" токтому

- Полное наименование: А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16-мартындагы № 6-2 "А.Мирмахмудов айыл аймагынын Киров айылынын Ош көчөсүндөгү эски автобазанын ичинде жайгашкан Абдурасулов Нурсабырды менчиги болгон 269,4 чарчы метр жер аянтынын пайдалануу багытын турак жай куруу үчүн өзгөртүүө жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 6-2
- Дата принятия: 16.03.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 16.03.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/132949>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-9309/edition/1161036/ru>

> Текст приведён по редакции от 16.03.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16-мартындагы № 6-2 "А.Мирмахмудов айыл аймагынын Киров айылынын Ош көчөсүндөгү эски автобазанын ичинде жайгашкан Абдурасулов Нурсабырды менчиги болгон 269,4 чарчы метр жер аянтынын пайдалануу багытын турак жай куруу үчүн өзгөртүүө жөнүндө" токтому (ред. от 16.03.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/132949

---

А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

2022-жылдын 16-марты № 6-2

А.Мирмахмудов айыл аймагынын Киров айылынын Ош көчөсүндөгү эски автобазанын ичинде жайгашкан Абдурасулов Нурсабырды менчиги болгон 269,4 чарчы метр жер аянтынын пайдалануу багытын турак жай куруу үчүн өзгөртүүө жөнүндө.

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Киров айылынын Ош көчөсүндөгү эски автобазанын ичинде жайгашкан, идентификациялык коду;5-05-14-1000-1-3715 блгон, 2004-жылдын 14-июнундагы №406 сан менен катталган, сериясы №0028811 болгон Мамлекеттик Актынын негизинде Сабиров Ырыскелдинин менчиги болгон, 269,4 чарчы метр жер эски котельнаянын жери жайгашкан, жайгашкан жер аянтынын, 29-сентябрь 2009-жылдагы №2037 саны менен катталган сатуу жана сатып алуу келишимин негизинде Абдурасулов Нурсабыр сатып алган жер участкасын турак жай куруп жашоо үчүн аталган жердин багытын өзгөртүүгө мыйзам талаптарынын негизинде уруксат сурап айыл өкмөтүнө кайрылган, айыл өкмөтү бул маселени мыйзам чегинде чечүү үчүн айылдык кеңештин кароосуна киргизген.

А.Мирмахмудов айылдык кеңешини атуул Абдурасулов Нурсабырдын арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 мыйзамынын 20-беренесинин 1-пункутунун, Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өз алдынча башкаруу жөнүдө» мыйзамынын 3гл.1-пункутунун 1,15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин 8-бөлүмчөсүнүн, «Кыргыз Республикасынын Жер кодекси»нин 1гл. 6-беренесинин 1,2-пункуттарынын талаптарына таянып, Ноокат райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын 2022-жылдын 10-мартындагы №34/22 сандуу корутундусун талаптарын жетекчиликке алып айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 мыйзамынын 20-беренесинин 1-пункутунун, Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өз алдынча башкаруу жөнүдө» мыйзамынын 3гл.1-пункутунун 1,15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин 8-бөлүмчөсүнүн, «Кыргыз Республикасынын Жер кодекси»нин 1гл. 6-беренесинин 1,2-пункуттарынын талаптарына таянып, Ноокат райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын 2022-жылдын 10-мартындагы №34/22 сандуу корутундусун талаптары жетекчиликке жана аткарууга алынсын.

2. Киров айылынын Ош көчөсүндөгү эски автобазанын ичинде жайгашкан, идентификациялык коду;5-05-14-1000-1-3715 блгон, 2004-жылдын 14-июнундагы №406 сан менен катталган, сериясы №0028811 болгон Мамлекеттик Актынын негизинде Абдурасулов Нурсабырдын менчигинде болгон, эски автобазанын котельнаясынын 269,4 чарчы метр жер аянтынын пайдалануу багытын турак жай куруу үчүн өзгөртүп берүү жагы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нурматовго жана айыл өкмөттүн тийиштүү кызматкерлерине тапшырылсын.

3. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.

А.Мирмахмудов айылдык

кеңешинин төрагасы :

Ш.Гафаров

Орун басары:

Б.Мираев
