# Салам-Алик айылдык кеңешинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 62 "Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу “Пионер лагерь” жайгашкан жерди муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Салам-Алик айылдык кеңешинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 62 "Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу “Пионер лагерь” жайгашкан жерди муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 62
- Дата принятия: 08.04.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 08.04.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/132866>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-9226/edition/1159971/ru>

> Текст приведён по редакции от 08.04.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Салам-Алик айылдык кеңешинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 62 "Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу “Пионер лагерь” жайгашкан жерди муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө" токтому (ред. от 08.04.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/132866

---

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы 2022-жылдын 8-апрели № 62 Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу “Пионер лагерь” жайгашкан жерди муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу “Пионер лагерь” жайгашкан жер участогун Салам-Алик айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827-сандуу токтомунун, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин № 4,13,44-беренелеринин, Эл депутаттарынын Өзгөн райондук аткаруу комитетинин 1990-жылдын 26-мартындагы № 78-4 сандуу чечиминин, мурунку “Кыргызстандын 50 жылдыгы” атындагы совхозун кайра уюштурууда совхоздун мүлктөрүн инвентаризациялоо баалоо жана кайрадан эсептөө жөнүндөгү комиссиясынын 1995-жылдын 1-июнундагы түзүлгөн актысынын негизинде, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 1-жана 5-пункттарына ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылындагы “Пионер лагерь” жайгашкан факт жүзүндөгү 3,60 га жер аянты Салам-Алик айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлсүн

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан жогорудагы “Пионер лагерь” жайгашкан факт жүзүндөгү 3,60 га жер тилкесин мамлекеттик каттоого алуу жана жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө Мамлекеттик акт берүү жагы суралсын

3. Тиешелүү юридикалык документтерди даярдап ишке ашыруу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрайым

Б.Калмурзаева
