# Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 1 "Жер аянттарын калктуу конуштун жерлери категориясына которуу жѳнүндѳ" токтому

- Полное наименование: Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 1 "Жер аянттарын калктуу конуштун жерлери категориясына которуу жѳнүндѳ" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 14.04.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 14.04.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/132753>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-9130/edition/1156726/ru>

> Текст приведён по редакции от 14.04.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 1 "Жер аянттарын калктуу конуштун жерлери категориясына которуу жѳнүндѳ" токтому (ред. от 14.04.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/132753

---

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы) 2022-жылдын 14-апрели № 1 Жер аянттарын калктуу конуштун жерлери категориясына которуу жѳнүндѳ. Отуз-Адыр айылдык аймагынын Кызыл-Абад айылынын Живпром участкасындагы № 221-контурдагы 4,21га таштуу жайыт жерди жана № 222-контурдагы 1,30 га курулуштун орду жайгашкан жерди калктуу конуштун жерлери категориясына которуу максатында, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесинин жана 1999-жылдын 02-июнунда кабыл алынган № 45 Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Абад айылынын Живпром участкасындагы № 221-контурда жайгашкан 4,21га жайыт (таштуу жайыт) жана № 222-контурда жайгашкан 1,30 га курулуштун орду болгон жалпы аянты 5,51га жерди калктуу конуштун жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу(трансформациялоо) жѳнүндѳ” Мыйзамынын 1-главасынын 7-беренесинин негизинде жалпысы болуп 5,51 га жерди калктуу конуштун жерлери категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.(Н.Калматов)

4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Мурзаев).

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасынын орун басары

А.Каимов
