# Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 03-мартындагы № 2 “Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн алдындагы калкты жана жарандык актыларды каттоо Департаменти менен Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн ортосунда түзүлгѳн келишимди бекитүү жѳнүндѳ” токтому

- Полное наименование: Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 03-мартындагы № 2 “Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн алдындагы калкты жана жарандык актыларды каттоо Департаменти менен Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн ортосунда түзүлгѳн келишимди бекитүү жѳнүндѳ” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 03.03.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 03.03.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/132743>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-9120/edition/1156686/ru>

> Текст приведён по редакции от 03.03.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 03-мартындагы № 2 “Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн алдындагы калкты жана жарандык актыларды каттоо Департаменти менен Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн ортосунда түзүлгѳн келишимди бекитүү жѳнүндѳ” токтому (ред. от 03.03.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/132743

---

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXII сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы) 2022-жылдын 03-марты № 2 “Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн алдындагы калкты жана жарандык актыларды каттоо Департаменти менен Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн ортосунда түзүлгѳн келишимди бекитүү жѳнүндѳ.” Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн алдындагы калкты жана Жарандык актыларды каттоо Департаменти жана Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн ортосунда түзүлгѳн келишимди бекитип берүү жѳнүндѳгү сунуш айылдык Кеңештин депутаттары тарабынан угулуп, бул маселе алар тарабынан кеңири талкууланып,сунуштар киргизилгенден кийин,Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Республикалык бюджеттен Жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин кѳлѳмүн эсептѳѳнүн убактылуу методикасын бекитүү жѳнүндѳ» № 715 токтомуна ылайык,жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруу органдарына ѳткѳрүлүп берилүүчү тѳмѳндѳгү ыйгарым укуктарды келишимдин негизинде ѳткѳрүп алууга мүмкүнчүлүк бардыгын жана сиздер тараптан жѳнѳтүлүүчү келишимди бекитүүгѳ даяр экендигин билдирип Отуз-Адыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн алдындагы калкты жана Жарандык актыларды каттоо Департаменти жана Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн ортосунда түзүлгѳн айрым мамлекеттик укуктарды жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруу органдарына ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳгү келишим бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

2. Айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы (Г. Атамбиева) – келишимдин 4.2. жана 6.4 беренелеринде кѳрсѳтүлгѳн шарттарга ылайык ВУС инспекторун материалдык жана финансылык жактан колдоону камсыз кылсын.

3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адисти жумушка дайындоо, жумуштан бошотуу жана кошумча милдеттерди жүктѳѳ укугу айыл ѳкмѳтүнүн башчысына берилсин.

4. Келишимдин бир нускасы Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн алдындагы калкты жана жарандык актыларды каттоо Департаментине жѳнѳтүлсүн.

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы

А.Каимов

Бекитем Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы А.Каимов

Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жѳнүндѳ КЕЛИШИМ

1. Келишимдин тараптары

1.1. Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти, мындан ары «Департамент» деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №257 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жѳнүндѳ жобонун жана Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлигинин 2022-жылдын 11-февралындагы №27 ыйгарым укуктарды берүү буйругунун негизинде аракеттенген директор Э. Эсеналиеванын атынан, бир тараптан жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтү (жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын толук аталышы), мындан ары «жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органы» деп аталуучу, Уставдын негизинде аракеттенген Калматов Нурсултан, экинчи тараптан, мындан ары «тараптар» деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ», «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жѳнүндѳ», «Жарандык абалдын актылары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы №90 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жѳнүндѳ» нускаманы, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги №238 жана 2004-жылдын 4-декабрындагы №886 токтомдору менен бекитилген жоболорду жетекчиликке алуу менен тѳмѳнкүлѳр жѳнүндѳ ушул келишимди түзүштү.

2. Келишимдин негизи

2.1 Департамент Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин кѳлѳмүн эсептѳѳнүн убактылуу методикасын бекитүү жѳнүндѳ» токтомуна ылайык Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ тѳмѳнкүдѳй мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет:

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле даярдалган паспорту берүү;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле жекелештирилген жалпы жарандык паспортту берүү;

- жарандарды жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо;

- баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, ошондой эле туулгандыгы тууралуу күбѳлүк берүү;

- никелешүүнү мамлекеттик каттоо, ошондой эле никелешүү тууралуу күбѳлүк берүү;

- ѳлгѳндүгүн мамлекеттик каттоо, ошондой эле ѳлгѳндүгү тууралуу күбѳлүк берүү;

- «балага сүйүнчү» бир жолку тѳлѳмгѳ арыздарды кабыл алуу.

2.2. Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтү жогоруда аталган берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга алат.

3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдѳ мамлекеттик органдын укуктары жана милдеттери.

3.1 Департамент жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органына ѳзүнүн ыйгарым укуктарын берүүдѳ тѳмѳнкүдѳй укуктарга ээ:

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан ишке ашырылышын, ошондой эле ушул максаттарга берилген материалдык жана башка каражаттардын пайдаланылышын контролдоого;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча аткарылууга милдеттүү актыларды ѳзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алууга;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун жүрүшүндѳ жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан жол берилген бузууларды жоюу боюнча кат жүзүндѳ сунуштарды берүүгѳ;

- жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга байланышкан маалыматтарды, материалдарды жана документтерди суроого;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды колдонуунун жыйынтыгы жѳнүндѳ маалыматтарды берүү үчүн жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын отчетторунун формасын белгилѳѳгѳ;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органына ѳткѳрүп берилген, максаттуу багытта колдонулбаган каражаттарды белгиленген тартипте ѳндүрүп алууга;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну камсыздоого багытталган материалдык жана башка каражаттарды ѳз убагында жана толук кѳлѳмдѳ ѳткѳрүп берүүгѳ;

- ушул Келишимде жана «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жѳнүндѳ келишимди мѳѳнѳтүнѳн мурда бузууну демилгелѳѳгѳ.

3.2 Департамент ѳзүнүн компетенциясынын чегинде тѳмѳнкүлѳргѳ милдеттүү:

3.3 – жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органына усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардам кѳрсѳтүүгѳ, жергиликтүү ѳз алдынча башкарунун аткаруучу органын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл укуктук, техникалык жана башка документтер менен камсыздоого;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жүктѳлгѳн адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында бир жылда эки жолкудан кем эмес окуу ѳткѳрүүгѳ;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын жана ѳткѳрүп берилген материалдык жана башка каражаттардын максаттуу колдонулушун контролдоого;

- Келишимдин 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча иштерди камсыздоого.

4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын укуктары жана милдеттери.

4.1 Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда тѳмѳнкүлѳргѳ укуктуу:

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган материалдык жана башка каражаттардын ѳз убагында жана толук кѳлѳмдѳ ѳткѳрүп берилишин талап кылууга;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга

4.2 Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда тѳмѳнкүлѳргѳ милдеттүү:

- Келишимге жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн ѳткѳрүп берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттардын максаттуу колдонулушун камсыздоого;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана берилген материалдык жана башка каражаттарды колдонуу бѳлүгүндѳ мамлекеттик орган тарабынан тоскоолдуксуз текшерүү жүргүзүлүшү үчүн шарттарды камсыздоого;

- квалификацияны жогорулатуу үчүн мамлекеттик орган тарабынан ѳткѳрүлүүчү окууга жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адистеринин катышуусун камсыздоого;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жол берилген бузууларды жоюу боюнча мамлекеттик органдардын кат жүзүндѳгү эскертүүлѳрүн аткарууга;

- ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 10-күнүнѳ чейин Департаментке учурдагы айга каржылоого Келишимдин -2 тиркемесине ылайык ведомстволук табыштама берүүгѳ;

- ай сайын, квартал сайын, жарым жылдын жана бир жылдын негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жѳнүндѳ Департаменттин аймактык бѳлүмүнѳ (мындан ары Департаменттин АБсы) Келишимдин 3-тиркемесине ылайык отчет берүүгѳ;

- ай сайын, квартал сайын, жарым жылда, жылдын аягында берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бѳлүнгѳн финансылык каражаттарды пайдалануу жѳнүндѳ депатаменттин АБсына Келишимдин 4-тиркемесине ылайык материалдык отчет берүүгѳ;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн ага ѳткѳрүп берилген, колдонулбаган материалдык жана башка каражаттарды берүүгѳ;

- Келишимдин 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча иштерди камсыздоого.

5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси

5.1 Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси муниципалдык кызмат чѳйрѳсүндѳгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган муниципалдык кызматкер болуп саналат.

5.2 Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси ѳзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

5.3 Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси даярдалган паспортторду жана жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча так отчеттуулук бланктарын жоготкондугу, бузгандыгы үчүн толук ѳлчѳмдѳ материалдык жоопкерчилик тартат.

Документ жоголгон же бузулган учурда жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси тарабынан арыз ээсине келтирилген зыян документтерди кайра калыбына келтирүү чыгымдарынын наркынын ѳлчѳмүндѳ Департаментке тѳлѳнѳт. Жогоруда аталган учурларда арыз ээсине, Департаментке келтирилген зыянга тѳлѳѳ ѳз ыктыяры менен же Кыргыз Республикасынын азыркы мыйзамдарында белгиленген тартипте соттун чечими менен жүргүзүлѳт.

5.4 Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат:

- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартибин регламенттеген Кыргыз Републикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган талаптарга ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча берилген документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн

- туулгандыгын, никелешүүнү, ѳлгѳндүгүн каттоо боюнча арыздарды толтуруу үчүн, ошондой эле туулгандыгы тууралуу, никелешүү тууралуу, ѳлгѳндүгү тууралуу күбѳлүктѳрдү берүү үчүн;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн, ошондой эле даярдалган паспорту берүү үчүн;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн, ошондой эле жекелештирилген жалпы жарандык паспортту берүү үчүн;

- жарандарды жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо үчүн;

-«балага сүйүнчү» арыздарын каттоо үчүн;

- арыз ээлеринин арыздардагы колунун аныктыгы жана жарандык абалдын актыларын жазуунун түп нускасы үчүн;

- арыз ээсинин жеке ѳзүнүн катышуусусуз кабыл алгандыгы үчүн;

- арыз ээси тарабынан ким экендигин ырастоочу документ берилбестен документтерди кабыл алгандыгы үчүн;

- «ЖААК» АМСте документтерди ѳз убагында жана туура тариздѳѳ, актылык жазууларга ылайык күбѳлүк берүү үчүн;

- арыз ээси тарабынан документтердин түп нускалары берилбестен документтерди кабыл алгандыгы үчүн;

- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбѳлүктѳрдүн бланктарын сактоо үчүн;

- актылык жазуулар жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбѳлүктѳрдүн бланктары боюнча отчеттуулукту ѳз убагында берүү үчүн.

5.5 Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси тѳмѳнкүлѳргѳ укуктуу:

- кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды белгиленген тартипте суроого;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган материалдык жана башка каражаттарды ѳз убагында жана толук кѳлѳмдѳ ѳткѳрүп берүүнү талап кылууга;

- арыз ээсинде ИЖН болбогон же туура эмес, кош ИЖН болгон учурда бардык иш-аракеттерди токтотууга жана Департаменттин аймактык ТБсына кайрылуу зарылдыгы жѳнүндѳ арыз ээсине билдирүүгѳ;

- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча мамлекеттик кызмат кѳрсѳтүү боюнча квалификациясын жогорулатууга (окууга);

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Департаменттен усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардам алууга, ошондой эле зарыл укуктук, техникалык жана башка документтерди алууга;

- эгер арыз ээси тарабынан берилген документтер тизмекке туура келбесе, тизмекке ылайык документтерди берүүнү сунуштоого.

5.6 Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси тѳмѳнкүлѳргѳ милдеттүү;

- жеке маалыматтардын сакталышын жана аныктыгын, ошондой эле мыйзамдарга белгиленген тартипте ага жетүү режимин камсыздоого;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жеке маалыматтардын купуялуулук режимин камсыздоого;

- «Инфоком» МИ КБнын Регламентине кошулуу жѳнүндѳ макулдашуусуна ылайык электрондук кол тамганын сакталышын камсыздоого;

- берилген документтердин оңдоолор жана же жасалмалоо белгилери аныкталган учурда, бул жѳнүндѳ Департаменттин аймактык бѳлүмүнүн жетекчилигине, ошондой эле ички иштер органдарына тез арада билдирүүгѳ милдеттүү.

Мындай учурда жасалмалоо белгилерин сыпаттоо менен үч нускада эркин формада акт түзүлѳт, анын бири бир иш күндүн ичинде Департаменттин аймактык бѳлүмдѳрү жайгашкан жер боюнча ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси-Департаменттин аймактык бѳлүмүндѳ калат, үчүнчү- арыз ээсине берилет. Оңдоо жасалмалоо белгилери аныкталган документтерди берилген арыз ээсине анкета-арызды тариздѳѳ үчүн документтерди кабыл алуу маселеси ички иштер органдары тарабынан акыркы чечим чыккандан кийин чечилет.

5.7 Ушул Келишимде каралбаган жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык колдонулат.

6. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдѳ жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органын финансылык,материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо.

6.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органына зарыл финансылык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы Министирлиги тарабынан Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү максаттуу трансферттер (субвенциялар) формасында жүргүзүлѳт.

6.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ащыруу үчүн тийиштүү финансылык жылга максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы кѳлѳмүн эсептѳѳ Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтому менен бекитилип берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин кѳлѳмүн эсептѳѳнүн убактылуу методикасынын негизинде жүргүзүлѳт.

Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтому менен бекитилип берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге трансферттердин кѳлѳмүн эсептѳѳнүн убактылуу методикасына ылайык ушул Келишимдин 9.2- пунктунда кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳткѳ белгиленген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) суммасы Келишимге тиркелет жана анын ажырагыс бѳлүгү болуп саналат.

6.3. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу үчүн Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү максаттуу трансверттердин (субвенциялардын) жалпы кѳлѳмү жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын эсебине түшѳт жана кезектеги финансылык жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгымдар түзүмүндѳ чагылдырылууга тийиш.

6.4. Максаттуу транферттердин (субвенциялардын) жалпы кѳлѳмү тѳмѳнкүлѳрдү ѳзүнѳ камтыйт;

- жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адисинин эмгек акысы;

- берилүүчү ыйгарым укуктарды аткарууга кеткен чыгымдарды: иш сапардын чыгымдарын, Интернет тармагынын кызмат кѳрсѳтүүсүн, кеңсе буюмдарын;

6.5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укеуктарды ишке ашыруу үчүн зырыл материалдык каражаттар Департамент тарабынан кабыл алуу – ѳткѳрүп берүү актысынын негизинде жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органына убактылуу колдонууга ѳткѳрүп берет.

6.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн ѳткѳрүп берилүүчү материалдык каражаттар, чарба ишин жүргүзүү бѳлүгүндѳ (жабдуулар, объекттер, техника ж.б), алар макулдашуу комиссияларында каралып, колдонууга жарактуулугу аныкталгандан кийин ѳткѳрүп берилүүгѳ тийиш.

Макулдашуу комиссиясы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ѳкүлдѳрүнѳн паритеттик башталышта түзүлѳт.

6.7. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органына ѳткѳрүп берилүүчү материалдык каражаттардын тизмеги тараптардын макулдашуусу менен аныкталат

6.8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органына ѳткѳрүлүп берилүүчү материалдык каражаттарды колдонуу тартиби Депатамент тарабынан аныкталат.

6.9. Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар 1 штаттык бирдикте жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси тарабынан ишге ашырылат.

7. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын отчеттулук формасы жана мезгилдүүлүгү

7.1 Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органы Департаменттин аймактык ТБсына тѳмѳнкүлѳрдү берүүнү камсыздайт;

- ай сайын 3-күндѳн кечиктирбестен учурдагы айга каржылоого ведомстволук табыштаманы Келишимдин 2-тиркемесине ылайык

- ай сайын 5 күндѳн кечиктирилбестен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жѳнүндѳ отчетту Келишимдин 3-тиркемесине ылайык;

- ай сайын, квартал сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында 4-күнүнѳн кечиктирилбестен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бѳлүнгѳн финансылык каражаттарды колдонуу жѳнүндѳ финансылык отчету орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органы менен макулдашылган форма боюнча Келишимдин 4- тиркемесине ылайык;

8. Мамлекеттик органдын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын контролдоо тартиби

8.1 Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоо (мындан ары -контролдоо) келишимдин талаптарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо максатында жүргүзүлѳт.

8.2 Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоону департаменттин аймактык ТБсы жүргүзѳт.

8.3 Департаменттин аймактык ТБсы:

- аныкталган бузууларды жоюу жѳнүндѳ сунуштарды жиберүү укугу менен жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук жана сапаттуу ишке ашырылышын контролдойт;

- жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга берилүүчү материалдык каражаттардын максаттуу колдонулушун текшерет;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чѳйрѳсүнѳ кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларды, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдѳ калкты каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо маселелери боюнча иш регламентинин, ошондой эле жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан алардын ишке ашырылышы боюнча усулдук кѳрсѳтмѳлѳрдүн аткарылышын контролдойт;

- Келишимде каралган учурларда жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуу жана ушул Келишимди бузуу жѳнүндѳгү сунуштарды даярдайт жана жогоруда турган органдарга киргизет.

8.4 Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун органы тарабынан ишке ашырылышын контролдоону Департамент тѳмѳнкүчѳ жүргүзѳт.

- жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ишин , берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алар тарабынан ишке ашырылыш бѳлүгүн координациялоо;

- жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынан мыйзамда же берүү жѳнүндѳ келишимде белгиленген тартипте жана мѳѳнѳттѳ берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жѳнүндѳгү отчетторду кабыл алуу;

- жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ишин, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алар тарабынан ишге ашырылышы жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга ѳткѳрүп берилген каражаттардын колдонулушу бѳлүгүндѳ текшерүү жүргүзүү;

- жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ишин, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алар тарабынан ишке ашырылышы маселелери боюнча сунуштарды берүү;

- жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан кабыл алынуучу чечимдерди мыйзамдуулугу жана максаттуулугу жагынан баалоо;

9. Келишимдин күчүнѳ кирүү тартиби жана колдонуу мѳѳнѳтү.

9.1 Ушул Келишим жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгѳ тийиш жана жергилктүү кеңеш тарабынан Келишим бекитилген күндѳн тартып күчүнѳ кирет.

9.2 Ушул Келишим \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ тартып \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ чейин колдонулат. Эгер ушул Келишимди колдонуу мѳѳнѳтү аяктагандан кийин эки Тарап тең Келишимди бузуу жѳнүндѳ билдирбесе, анда аны колдонуу мѳѳнѳтү ошол эле мѳѳнѳткѳ жана ошол шарттарда автоматтык түрдѳ узартылат.

9.3 Ушул Келишим үч нускада түзүлдү жана алар бирдей юридикалык күчкѳ ээ: ар бир тарап үчүн бир нускадан жана бир нускасы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине берилет.

10. Келишимдин шарттарын ѳзгѳртүү.

10.1 Тараптардын макулдашуусу менен Келишимге ѳзгѳртүүлѳр жана толуктоолор киргизилет.

10.2 Келишимге киргизилүүчү ѳзгѳртүүлѳр жана толуктоолор жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү тарабынан бекитилүүгѳ тийиш.

11. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотууга негиздер жана токтотуу тартиби.

11.1 Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик укуктарды ишке ашыруусу тѳмѳнкүдѳй учурларда токтотулушу мүмкүн:

- Келишимдин колдонуу мѳѳнѳтүнүн аякташы;

- Келишимди жараксыз деп таануу жѳнүндѳ соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнѳ кириши;

- жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик укуктарды ишке ашырылуусу үчүн республикалык бюджете кезектеги финансылык жылга трансферттердин (субвенциялардын) жоктугу;

- ушул Келишим боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруу мүмкүндүгүн жойгон ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы;

- мамлекеттик органдын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ѳз алдынча ишке ашыруу жѳнүндѳгү чечим кабыл алышы (келишимди мѳѳнѳтүнѳн бузуу);

- Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын ушул Келишимде жана/ же «жергиликтүү ѳл алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан баш тартуусу (келишимдин мѳѳнѳтүнѳн мурда бузуу).

11.2 берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу Департаментти же жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын демилгеси менен мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулуш мүмкүн.

11.3 Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусун мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуунун шарттары болуп тѳмѳнкүлѳп саналат:

- мамлекеттик орган тарабынан жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо мүмкүн эместиги;

- жергиликтүү мамлекеттик башкаруунун органына кѳз карандысыз себептер менен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мүмкүн эместиги;

- жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына кѳз карандысыз себептер менен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мүмкүн эместиги;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ѳткѳрүп берүү жана (же) ишке ашыруу шарттарын ѳзгѳрткѳн ченемдик укуктук актыны кабыл алуу.

11.4 Департаменттин берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуусунун шарттары болуп тѳмѳнкүлѳр саналат:

- Департамент тарабынан жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруусун, анын ичинен алардын аткарбагандыгынан же тийиштүү ишке ашырбагандыгынан максатсыз деп таанылышы;

- жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн алынган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максатсыз колдонуусу, эгер ушул бузуулар жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусун оордоткон шарттарды түзсѳ;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ѳткѳрүп берүү жана (же) ишке ашыруу шарттарын ѳзгѳрткѳн ченемдик укуктук актыны кабыл алуу.

11.5. Тараптардын биринин демилгеси менен берилген мамалекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган учурда, токтотууну демилгелеген Тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдуу датасына чейин 15 иш күн мурда экинчи Тарапка жазуу жүзүндѳ билдирүү жиберүүгѳ милдеттүү.

11.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу жѳнүндѳ билдирүүнү алган Тарап аны 15 иш күндүн ичинде кароого милдеттүү жана билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жѳнүндѳ экинчи Тарапка маалымдоого тийиш.

Экинчи Тарап билдирүүгѳ макул болгон учурда, Тараптардын макулдашуусунун негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулат.

11.7. 30 иш күндүн ичинде билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жѳнүндѳ жазуу түрүндѳ жооп болбогон учурда же экинчи Тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга макул болбогон учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу жѳнүндѳ маселе соттук тартипте чечилет.

11.8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган учурда, аларды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органына ѳткѳрүп берилген, колдонулбаган материалдык жана финансылык каражаттар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулган күндѳн тартып 15 күндүн ичинде мамлекеттик органга кайтарылууга тийиш.

11.9. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну каржылоо ушул Келишимде каралган кѳлѳмдѳ, тартипте жана мѳѳнѳттѳ токтотулган учурда, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга укуктуу жана бул жѳнүндѳ 15 иш күндүн ичинде Департаментке жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жазуу жүзүндѳ билдирет.

11.10. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусу токтотулган күндѳн тартып жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берген мамлекеттик орган аны аткарууга тийиш.

11.11. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары аткарууну токтотуу, токтото туруу жана аткаруудан баш тартуу жѳнүндѳ чечими жергиликтүүѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилет.

12. Тараптардын жоопкерчилиги

12.1 Келишимдин шарттарын тийиштүү аткарбагандыгы, укук бузгандыгы же материалдык жана моралдык зыян келтиргендиги үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартышат.

12.2. Айыл ѳкмѳттүн башчысы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды тийиштүү аткарууну уюштуруу, ѳткѳрүп берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу жана ушул Келишимдин жоболорун так аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

13. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби

13. Ушул Келишимди аткаруунун жүрүшүндѳ келип чыккан бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы сүйлѳшүүлѳр аркылуу же соттук тартипте чечилет.

14. Тараптардын дареги жана колу

Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү Министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын Каттоо департаменти Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 381(312) 380058

ЖѲБ органы Ош облусу Кара-Суу району Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтү Э/ счет 4407041001001052 БИК 440001 ИИН 00810199610015 ОКПО 22414570

Департаменттин директору

Айыл ѳкмѳтүнүн башчысы

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Э. Эсеналиева

Н. Калматов
