Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Савай айылдык округунун кеңешинин «Савай айыл өкмөтүнүн аймагындагы ижара мөөнөтү бүткөн кайра бөлүштүрүү фондун жерлерин ижарага берүү комиссиясын түзүү жөнүндө» токтому
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Савай айылдык округунун кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын V- сессиясы 2022-жылдын 21-январы № 21 Савай айыл өкмөтүнүн аймагындагы ижара мөөнөтү бүткөн кайра бөлүштүрүү фондун жерлерин ижарага берүү комиссиясын түзүү жөнүндө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы №602,2016-жылдын 18-ноябрындагы №599,2019-жылдын 15-февралындагы №55 токтомдорун редакциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июлундагы №243 токтому менен жактырылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобонун негизинде комиссиянын курамында өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү сунушун талкуулап Савай айылдык округунун кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ижара мөөнөтү аяктаган Савай айыл өкмөтүнүнүн айыл чарба жерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы №599 токтомунун редакциясынын ылайык ижарага берилсин
2. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында айыл өкмөтүндө жер комиссиясынын курамы төмөнкүдөй бекитилсин.
Сулайманов Дауд
Акымбеков Абибилла
- Савай айылдык округунун кеңешинин депутатты комиссиянын төрагасы
- Савай айыл башкы адис комиссиянын катчысы
Комиссия мүчөлөрү:
1. Быкыев Айтбай - Савай айыл өкмөтүнүн орун басары
2.Женмуратов Алмаз - Савай айыл өкмөтүнүн башкы адиси
3.Дадажанов Музаффар - Савай айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси жер жана турак жай коммуналдык маселелер боюнча
4.Абдашим уулу Каныбек - Савай айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси
6.Кадирали уулу Бекзат - Савай айылдык округунун кеңешинин депутаты
7.Караходжаев Заирбек - Савай айылдык округунун кеңешинин депутаты
8.Жусуев Мамасадык - Савай айылынын айыл башчысы
9.Бекназаров Жоомарт - Кыдырша айылынын айыл башчысы
10.Полотов Гапыржан - Кызыл-Шарк айылынын айыл башчысы
11.Чырмашов Батыр -Кескен –Жар айылынын айыл башчысы
12. Орунов Акжол - Ынтымак айылынын айыл башчысы
13.Кара-Суу райондук агрардык өнүгүү департаментинин кызматкери (макулдугу менен)
3. Тузүлгөн комиссия КР Өкмөтүнүн «КБФ нун жерлерин ижарага беруу тартиби» мыйзамындагы жер кодексинин нормативдик актылары типтүү жоболорунун негизинде иш алып барсын
4.Савай айыл өкмөтүнө караштуу мөөнөтү бүткөн ыңгайсыз жана сай жерлерини, кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында аукцион өткөрүү үчүн аукционист милдеттин аткаруу жер адиси М.Дадажановго жүктөлсүн.
5.Токтомду көзөмөлдөө жагы Савай айылдык өкругунун кеңешинин айыл чарба жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Н.Абдумалик уулу
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.