# Савай айылдык округунун кеңешинин 2022-жылдын 21-январындагы № 15 "Савай айылык аймагынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана жакыр жардамга муктаж тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Савай айылдык округунун кеңешинин 2022-жылдын 21-январындагы № 15 "Савай айылык аймагынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана жакыр жардамга муктаж тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 15
- Дата принятия: 21.01.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 21.01.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/132723>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-9102/edition/1156444/ru>

> Текст приведён по редакции от 21.01.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Савай айылдык округунун кеңешинин 2022-жылдын 21-январындагы № 15 "Савай айылык аймагынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана жакыр жардамга муктаж тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө" токтому (ред. от 21.01.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/132723

---

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Савай айылдык округунун кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын V- сессиясы 2022-жылдын 21-январы № 15 Савай айылык аймагынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана жакыр жардамга муктаж тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө. Кыргыз Республикасынын калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө мыйзамынын 2003-жылдын 12-апрелинин №71,2005-жылдын 22-июлундагы №111,2008-жылдын 28-июлундагы №177,2013-жылдын 23-апрелиндеги №56-редакциясынын негизинде Савай айылдык округунун кеңешинин депутаттарынан VII-шайланган кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Савай айылык аймагынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана жакыр үйбүлөөгө төмөнкүдөй материалдык жардам көрсөтүлсүн:

көзүнөн, жүрөгүнөн жана онкология менен эхинококкоз жана психикалык оорусу менен ооруган адамдарга операция жасатууга жана жакыр үй-бүлөөлөргө социалдык абалына карап орто жашагандарга 5000 сом, өтө жакыр үй бүлөөлөргө 10 000 сомдон,

• 1-топтогу ДМЧ адамдарга кышка көмүр алуу үчүн 3000 сомдон,

• ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга дары-дармек үчүн

1-топ, ДЦП - 1000 сомдон 2-топ - 3-топ - 700 сомдон

- ДЦП оорусу менен ооруган балдарга материалдык жардам үчүн -

3000 сомдон

- ВИЧ, СПИД оорусу менен ооругандарга материалдык жардам үчүн –

2000 сомдон,

- жасалма тиш коюу үчүн ( баатыр эне, көзүнън, кулагынан ооругандар)

1500 сомдон,

- көз айнек алуу үчүн (көзүнөн ооругандарга) - 1000 сомдон,

- угуу аппаратын алуу үчүн ( кулагынан ооругандарга) 1500 сомдон,

- баатыр энелерге жол акысы үчүн 600 сомдон,

- кургак учук оорусу менен ооругандарга санаторияга дарыланып келүү

үчүн жол акысына 2000 сомдон,

- кургак учук оорусу менен ооругандарга (материалдык жардам)

1000 сомдон

- тоголок жана жарым жетимдерге (материалдык жардам) 1000 сомдон,

- тоголок жетимдерге банктагы өздүк эсебине 5000 сомдон

- аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө - 2000, 3000 сомдон

2. Мыйзам чегинде акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБнө милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айылдык округунун кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Н.Абдумалик уулу
