# Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2021-жылдын 29-октябрындагы № 19 "Электр энергиясынын төлөмү үчүн кошумча каражат бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2021-жылдын 29-октябрындагы № 19 "Электр энергиясынын төлөмү үчүн кошумча каражат бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 19
- Дата принятия: 29.10.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.10.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/132561>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-8942/edition/1155772/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.10.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2021-жылдын 29-октябрындагы № 19 "Электр энергиясынын төлөмү үчүн кошумча каражат бөлүп берүү жөнүндө" токтому (ред. от 29.10.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/132561

---

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

29.10.2021-жыл № 19

Электр энергиясынын төлөмү үчүн кошумча каражат бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 токтомуна ылайык электр энергиясынын тарифи 12,5% жогорулагандыгына байланыштуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн балансындагы социалдык обьектилердин электр энергиясынын төлөмдөрү үчүн кошумча каражат бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы Токтом кылат:

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн электр энергиясынын төлөмдөрү боюнча кайрылуусу эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 токтомуна ылайык электр энергиясынын тарифи 12,5% жогорулагандыгына байланыштуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн балансындагы социалдык обьектилердин электр энергиясынын төлөмдөрү үчүн кошумча 310763 (үч жүз он миң жети жуз алтымыш үч ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине тапшырылсын.

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы

М.Аликеев
