Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин «Кыргыз-Ата айыл аймагындагы “Кызыр- Ата” СПАнын балансында турган ички каналдарды,арыктарды, атайын техниканы (эксковаторду) жана алардын аткарып жаткан функцияларын “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) сегизинчи сессиясы 2022-жылдын 19-февралы № 8-3 Кыргыз-Ата айыл аймагындагы “Кызыр- Ата” СПАнын балансында турган ички каналдарды,арыктарды, атайын техниканы (эксковаторду) жана алардын аткарып жаткан функцияларын “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл аймагындагы “Кызыр- Ата” СПАнын балансында турган ички каналдарды, арыктарды, атайын техниканы (эксковаторду) жана алардын аткарып жаткан функцияларын “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы “Кызыр- Ата” суу пайдалануучулар ассоциациясы-
нын мүчөлөрүнүн 2022-жылдын 10-февралындагы жалпы жыйынынын чечими бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. “Кызыр- Ата” СПАнын балансында турган ички каналдар, арыктар, атайын техника (эксковатор) жана алардын аткарып жаткан функциялары “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасына өтүп жаткандыгына байланыштуу “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасынын Уставына өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. “Кызыр-Ата” СПА сынын инвентарларын кабыл алуу-берүү боюнча комиссия
курамын жана актыларын түзүү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет,
салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча комиссияларына тапшырылсын.
Төрага:
Женишбай уулу Э.
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезектеги сегизинчи сессиясынын 2022- жылдын 19-февралындагы №8-3 токтомуна тиркеме
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата СПА мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун п р о т о к о л у Көтөрмө айылы “____”_______________ 2022-жыл Отурумга айыл өкмөтүнүн башчысы М. Эшполотов, орун басары Асанов Маматкул, айылдык кеңешинин төрагасы Жеңишбай уулу Элмурат, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы М. Маматов, Кызыр-Ата СПА директору Каримов Баргыбай жана СПА мүчөлөрү катышышты. Күн тартибиндеги маселе:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кызыр-Ата СПАсынын балансында турган ички каналдарды, арыктарды, атайын техниканы жана материалдык баалуулуктарын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Кызыр-Ата СПАсынын кеңешинин төрагасы М. Асанов сөз сүйлөдү. Урматтуу жыйындын катышуучулары, Кызыр-Ата СПА сынын бүгүнкү күндө райондук суу чарбасынан суу акысынан болгон төлөмдөрү өз убагында берилбей тургандыгы, СПА нын мурабдарынын да эмгек акыдан болгон эсептешүүлөрү өз убагында жүргүзүлбөй жаткандыгы, СПА карамагында турган спецтехникалардын ар жылы банкка төлөнүүчү кредиттери да улам кечиккени жана бул техникалардын ремонт иштери да өз убагында аткарылбай жаткандыгы да Кызыр-Ата СПА нын жетекчилиги жана мүчөлөрү тарабынан жакшы иштер улам барган сайын жакшы тарапка жүрбөй жаткандыгын билдирет. Ошондой эле эл тарабынан суу акынын төлөнүшүнүн эффективдүүлүгүнүн жоктугу байкалууда. Андан сырткары Кыргыз-Ата СПА сына караштуу материалдык инвентарлар (техникалар, баланста турган материалдар жана башкалар) ар дайым кароого, көзөмөлдөп турууга муктаж болуп турат. Алардын ар дайым эсебин алып, оң абалда туруусун камсыз кылып туруу зарыл. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети тарабынан да СПА га караштуу баалуулуктары айыл өкмөтүнун балансында турган болсо каржылоо жагы чечиле тургандыгын айтып келүүдө. Андан сырткары Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-декабрындагы № 151 мыйзамына негиз СПА лардын ишмердүүлүгүн жогорулатуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ишмердигин айкалыштыруу маселелери каралган. Ошондуктан менин сунушум, биздин Кызыр-Ата СПА сынын материалдык баалуулуктарын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп, ишти алдыга жылдыруу зарылдыгы жетип келди. Чогулушка катышкан Ак-Булак айылынын айыл башчысы Камбаров Заир, Кыргыз-Ата айылынын айыл башчысы Н. Максытовдор да жогорудагылардын айткандарын колдошту. Жогорудагылардын негизинде жалпы чогулушу чечим кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кызыр-Ата СПАсынын балансында турган ички каналдары, арыктары, атайын техникалары жана материалдык баалуулуктары айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлсүн.
2. Ушул чечимди бекитип берүү жагы Кыргыз-Ата айылдык кеңешинен суралсын.
Кыргыз-Ата СПАсынын кеңешинин төрагасы:
М. Асанов
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин жооптуу катчысы:
К. Заирова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.