Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин «Кара-Суу районунун шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын 2021-жылдын 23.08.№01-4/454 чыгыш каты жөнүндө» токтому
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) V-сессиясы
2021-жылдын 27-августу № 7 Кара-Суу районунун шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын 2021-жылдын 23.08.№01-4/454 чыгыш каты жөнүндө
Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 26.08.2021-жылдын №17 –чыгыш катында Кара-Суу районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 23-августундагы №01-4/454 катына ылайык «сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежелери жөнүндөгү Жобону бекитип берүү жөнүндөгү сунушун айылдык кеңештин депутаттары карап чыгып аймактагы сырткы жарнактарды иретке келтирүү максатында Токтом кылат:
1.Кара-Суу районунун шаар куру жана архитектура башкармалыгына 2021-жылдын 23-августундагы №01-4/454 катына ылайык «Сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежелери жөнүндөгү» жобо бекитилсин.
2.Бул боюнча маалыматты тиешелүү органдаргажиберүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы
З.Г.Нурдинов
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2021-жылдын 27-августундагы 5-сессиясынын 7-токтому менен бекитилди
Кара – Суу районун Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежелери
1.Негизги жоболор
1.1. Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежелери (мындан ары – Эреже) райондук архитектуралык-көрнөк жана маалымат чөйрөсүнүн туура калыптануу процессин көзөмөлгө алуу, сырткы жарнак жана маалымат объектилерин пайдалануу, Кара-Суу районун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын сырткы жарнак жана маалыматтарды жайылтуу максатында кабыл алынды.
Ушул эрежелер сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана аларды пайдалануу, Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын мүлкүн сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуудагы шарттар, Кашкар-Кыштак айыл аймагында сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотууга уруксат берүүнүнү ирээтин жана эрежелерин сактоону көзөмөлгө алуу боюнча талаптарды орнотот.
1.2.Ушул эрежелерди сактоо бардык юридикалык жана физикалык жактага, алардын ведомстволук жана жеке менчиктин формасына жана пайдаланууда бирдей талап коюлат.
1.3.Эрежелер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», «Жарандык жөнүндө», «Мамлекеттик тил жөнүндө» жана башка укуктук ченемдик документтердин негизинде иштелип чыккан.
1.4.Сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын уруксатынын негизинде ишке ашат.
2.Сырткы жарнак жана маалымат объектилери
Сырткы жарнак жана маалымат объектилерине ар кандай объектилерин, ар түрдү жарнакты жана маалыматты жайылтууну көздөгөн, айыл аймагындагы жалпы жер участкаларында орнотулган, имараттарда, курулуштарда визуалдык кабыл алынуучу маалыматтар кириет. Сырткы жарнак жана маалыматтар төмөнкү бөлүктөргө бөлүнөт: -сырткы жарнак объектилери (жарнактык конструкциялар); -шаардык маалымат объектилери; -калкты тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын маалыматтык жасалгалоо объектилери.
2.1.Сырткы жарнак жана маалымат объектилерине коюлуучу талаптар:
2.1.1. Негизги талаптар:
Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын орнотулган сырткы жарнак объектилери Кара-Суу районун архитектуралык-көркөм визуалдык кабыл алуусуна тоскоол болбошу жана шаардын архитектуралык келбетин начарлатпашы керек;
- сырткы жарнак жана маалымат объектилерин жол кыймылдарын ирээтке келтирип туруучу белгилерге орнотууга жана пайдаланууга болбойт;
- сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу белгиленген тартипте бекитилген эреженин негизинде орнотулат;
- сырткы жарнак жана маалымат объектисинин конструкциясы техникалык нормаларга жана талаптарга жооп бериши керек. ГОСТ, ПУЭге, техникалык, регламенттик жана башка нормативдик актыларга ылайыкташтырылып коопсуз, долбоорлошкон жана белгиленген тартипте макулдашылуусу керек;
- сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу санитардык нормаларды жана эрежелерди (электромагиниттик нурдануу ж.б.) бузбашы керек;
- сырткы жарнак жана маалымат объектилери маалымат – кабарларсыз турбашы керек;
- сырткы жарнак жана маалымат объектилери жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндөгү нормативдик актыларга ылайык болушу керек;
- жалпы пайдалануудагы жерлерде орнотулган сырткы жарнак жана маалымат объектилери жөө жүргүнчүлөргө, көчөлөрдөгү жана тратуарларды тазалоодо тосколдук түзбөшү керек. Ызу-чууну, коогаланды, кубатуу электромагиниттик же башка нурдануу талааларды пайда болбошу керек.
2.4.5. Калкты тейлөө боюнча мекемелер жана ишканалардын маалыматтык жасалгалоо объектилерине жазуу мамилекеттик жана расмий тилде жүргүзүлөт.
Товардык жана тейлөө белгилери катары кабыл алынган тартипке каттоодон өткөн декоративдик элементтерди маалыматтык конструкцияга жайгаштырууга уруксат берилет. Мындай маалыматтык конструкциянын ээси товардык белгини жана тейлөө бе лгисин колдонууга мыйзамсыз белгиленген тартипте катталган укукка ээ болушу керек. Мындай декоративдик элементердин, товардык белгилердин жана тейлөө белгилеринин сүрөттөлүшү керектөөчүлөрдү багытоо максатында жайгаштырылган маалыматтардан ашып кетпөөсү керек.
2.4.6. Калкты тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын маалыматтык жана жарнактык жасалгалоо объектилеринин көрнөк жарнактан башкасын орнотуу ушул эрежеде каралган тартипте даярдалган уруксаттын жана архитектуралык-техникалык кортундунун негизинде ишке ашырылат.
2.4.7. Калкты тейлөө мекемелери маалыматтык конструкцияга кошумча жарнактык маалыматты (жарнактык жасалгалоо) орнотууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамына ылайык катталган товардык белгилерди жана тейлөө белгилеринен башка жарнактык жасалганын тексти мамилекеттик тилде аткарылуусу керек. Мекеменин профилин жана тибин ачык көрсөткөн кыргызча текст болгондо гана катталган товардык белгилер жана тейлөө белгилери ангилс тилинде оригиналдык түрдө аткарылышы жана жайгаштырылышы мүмкүн.
Бул учурда товардык белгилерди жана тейлөө белгилерин жазган тамгалардын бийиктиги, мекеменин профилин жана тибин ачып көрсөткөн кыргызча тексттин негизги шрифтинин бийиктигине салыштырмалуу аз дегенде 2 эсе кичине болууга тийиш. Товардык белгилердин жана тейлөө белгилеринин чет тилинде сүрөттөлүшүн ишке ашыруу усулу жана саны мекеменин ишинин профили жөнүндөгү маалыматтын текстинен басымдуулук кылбашы керек.
2.4.8. Мекемеге жакын жайгашкан мүлктүн объектилерге жеке долбоор боюнча түзүлгөн, өндүрүш мекемелеринин, мадания, спорт, элге кызмат көрсөтүү мекемелеринин жана ишканалардын маалымат-жарнак көрсөткүчтөрүн орнотууга жана пайдаланууга уруксат берилет.
2.4.9. Элге кызмат көрсөтүү мекемелеринин жана ишканаларынын жарнактык жасалгалоо максатындагы сырткы жарнак жана маалымат объектилери ушул эрежеде көрсөтүлгөн тартипте жасалгаланууга тийиш.
3.Сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотууга жана пайдаланууга уруксат иш кагаздарын даярдоо
3.1. Иш кагаздарын даярдоонун жалпы талаптары
Сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотууга жана пайдаланууга уруксат берүүчү иш кагаздарга, сырткы жарнак жана маалыматтардын объектилерин орнотууга уруксат же калкты тейлеген ишкана жана мекемелердин маалыматтык жасалгалоо уруксаттын формасы белгиленген тартипте бекитилет. Сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотууга уруксат берүүчү иш кагаздарын даярдоо боюнча ыйгарым укукту ишкана райондук архитектура жана шааркуруу башкармалыгы болуп саналат. Менчик ээсинин же кыймылсыз мүлккө тиешеси бар башка мыйзамдуу адамдын орнотмого техникалык иш-кагазы болсо айыл аймагындагы сырткы жарнак объектилерин орнотуу жана пайдаланууга уруксат берилет.
3.2. Сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотууга уруксат берүү
3.2.1. Менчик ээси же кыймылсыз мүлкөө тиешеси бар мыйзамдуу адам, же болбосо сырткы жарнак жана маалымат объектисинин ээси райондук шааркуруу жана архитектура башкармалыгына кайрылышат. Арызда сырткы жарнак жана маалымат объектисинин техникалык өлчөмүн, аймактык жайгашкан жери жөнүндө маалымат көрсөтү.
Арыз берүүчү талап кылган иш кагаздарды берүү үчүн, арызга уруксат берүүчү иш кагаздарын даярдоодо макулдашууга керек болгон иш кагаздардын тиркелиши зарыл. Жогорудагы иш кагаздары көрсөтүлбөгөн учурда арыз кабыл алынбашы мүмкүн.
3.2.2. Уруксат берүү арызын кабыл алып жана чыкандан кийин райондук шааркурулушу жана архитектура башкармалыгы техникалык корутундуну беруу үчүн керек болгон тиешелүү толук ыйгарымдуу органдар менен же макулдашууларды өз алдынча жүргүзөт. Аларды алгандан кийин, техникалык корутундуну берүүнү же макулдук бербөө чечимин чыгарат. Арыз берүүчү толук ыйгарымдуу органдар менен болгон макулдашууларды өз алдынча алууга жана аларды райондук шааркуруу жана архитектура башкармалыгына көрсөтүүгө укуктуу.
3.2.3. Техникалык корутундуну берүү же макулдукту бербөө жөнүндөгү райондук шааркуруу жана архитектура башкармалыгынын чечими, арыз берилген күндөн баштап бир айдан кечиктирбей кабыл алынат жана уруксат берүү жөнүндөгү чечим арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирилет.
3.2.4.Кара-Суу районунун шааркуруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан техникалык корутундуну бербөө чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүйөлөштүрүлгөн жана кабыл алынган болушу керек.
3.2.5. Техникалык корутунду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча мөөнөтүнөн мурда жокко чыгарылышы мүмкүн.
3.2.6. Техникалык кортунду райондук шааркуруу жана архитектура башкармалыгынын дооматы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечими менен жараксыз деп табылышы мүмкүн.
3.2.7. Техникалык корутунду тиешелүү кызматтардын жана объектинин мыйзамдуу ээсинин катышуусунда депуттаттардын айыл өкмөттөр кеңешин туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде мөөнөтүнөн мурда чыгарылышы мүмкүн.
3.3 Кашкар-Кыштак айыл аймагынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу үчүн келишим
3.3.1. Кашкар-Кыштак айыл аймагынын мүлкүнө сырткы жарнак жана объектилерин пайдалануу, келишимдин негизинде Кашкар-Кыштак айыл аймагынын муниципалдык менчикти ижарага берүү комиссиясын келишими аркылуу сырткы жарнак жана маалымат объектилеринин ээсине (мындан ары жарнак жайылтуучу) жер участкаларда жана башка Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын мүлкүндө, анын ичинде оперативдик жана ишеним берүүчү башкармалыгынын, чарба жүргүзүүгө берилген жалпы пайдалануучу жерде сырткы жарнакты жайылтуу максатында объект орнотуу жана пайдаланууга төлөм аркылуу мүмкүнчүлүк түзүп берет.
3.3.2. Келишим боюнча төлөмдүн өлчөмү бекитилген эсеп кысаптын негезинде Кашкар-Кыштак айыл аймагынын муниципалдык менчикти башкаруу комиссиясы тарабынан аныкталат.
3.3.3. Келишим түзүлгөндөн кийин жарнак жайылтуучу Кашкар-Кыштак айыл аймагынын кыймылсыз мүлкүндө сырткы жарнак жана маалымат объектисин макулдашылган долбоордук иш- кагаздардын негизинде 30 күндүн ичинде орнотууга милдеттүү.Техникалык татаал сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотуу мөөнөтү, жарнак жайылтуучунун арызынын негизинде райондук шааркуруу жана архитектура башкармалыгынын макулдугу менен узартылышы мүмкүн.
3.3.4. Жарнак жайылтуучу сырткы жарнак жана маалымат объектисин жарнак жайылтуу же социалдык жарнак максатында гана пайдаланууга милдетүү. Социалдык жарнак материалдарды Кашкар-Кыштак айыл аймагынын муниципалдык менчикти башкаруу комиссиясы тарабынан көрсөтүлүп, мыйзам чегинде жарнактык конструкцияга жарнак жайылтуучу тарабынан көрсөтүлүп, мыйзам чегинде жарнактык конструкцияга жарнак жайылтуучу тарабынан жайгаштырылат.
3.3.5. Жарнак жайылтуучу сырткы жарнак жана маалымат объектисин пайдалануу келишиминде аныкталган райондун мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотуу жана пайдалануу тартибинин негизинде жүргүзөт.
3.3.6. Кашкар-Кыштак айыл аймагынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотуу жана пайдалануу жарнак жайылтуу менен түзүлгөн келишим райондук архитектура тарабынан бир жылдык мөөнөт менен түзүлөт.
3.3.7. Кашкар-Кыштак айыл аймагы менен түзүлгөн, сырткы жарнак жана маалымат объектисин пайдалануу келишимсиз мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектисин пайданууга уруксат берилбейт.
3.3.8. Райондук архитектура башка мекемелери менен биргеликте сырткы жарнак жана маалымат объектисинин техникалык абалын жана пайдалануусун көзөмөлдөгө алат.
3.3.9. Кашкар-Кыштак айыл аймагы тарабынан бир тараптуу тартипке төмөнкү учурларда келишим бузулушу мүмкүн:
3.3.9.1. Сырткы жарнак жана маалымат объектисинде социалдык жарнакка же жарнакка тиешесиз маалыматтар жайгаштырылса же сырткы жарнак жана маалымат объектиси максатсыз багытты пайдаланылса;
3.3.9.2.Келишимде көрсөтүлгөн 20 календардык күн ичинде төлөм жүргүзүлбөсө;
3.3.9.3. Сырткы жарнак жана маалымат объектисин
3.3.10. Келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин жарнама жайылтуучу 10 күн ичинде сыртқы жарнак жана маалымат обьектненн ажыратып алууга (демонтаж) милдеттүү. Чоң жана артыкча чоң сыртқы жарнак жана маалымат обьектилерди ажыратып алуу мөөнөтү Сырткы жарнак жана маалымат обьектинен ажыратып алуу (демонтаж) боюнча милдеттенме өз мөөнөтүндө аткарылбаса сырткы жарнак жана маалымат обьектисин мажбурлоо жолу менен ажыратып алууну Кашкар-Кыштак айыл аймагы ишке ашырат жана ажыратып алууга кеткен чыгымдарды жарнак жайылтуучудан талап кылууга укуктуу;
3.3.11. Өз убагында төлем жүргүзбөгөндүгү үчүн келишим боюнча жарнак жайылтуучу
мөөнөтү өткөн ар бир күнүнө, мөөнөтү өткөн төлөмдүн 0,05% өлчөмүндө айып төлөмүн төлөйт;
3.3.12. Райондук архитектура мүлкүн сырткы жарнак жана маалымат обьектисин орнотуу жана пайдалануу үчүн колдонуу келишимсиз жүргүзүлсө, Кашкар-Кыштак айыл аймагы бул конструкцияларды ажыратып алууга жана накта сырткы жарнак жана маалымат обьектисин орнотууга төлөнгөн төлөмдүн өлчөмүндө чыгым төлөөнү талап кылууга, ажыратын алууга кеткен чыгымдарды талап кылууга, зарыл учурда ажыратылган обьектилердин калдыктарын жок кылууга (утилизация) укуктуу.
4. Сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин ажыратып алуу (демонтаж)
4.1. Уруксатсыз, келишимсиз же мөөнөтү бүткөн келишимдин негизинде орнотулган сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин ажыратып алуу жарнак жайылтуучунун эсебинен жүргүзүлөт.
4.2. Көрсөтүлгөн талап аткарылбаса, сырткы жарнак жана маалымат обьектилери корсотулгөн тартипте мажбурлоо жолу менен ажыратып алууга дуушар болот.
4.3. Ээси аныкталбаган, жок болсо, же ажыратып алууну өз эсебинен жүргүзүүдөн баш тарткан сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин ажыратып алуу ыйгарым укуктуу органдардын катышуусундагы комиссиянын актысынын негизинде Кашкар-Кыштак айыл аймагынын эсебинен тиешелүү чыгымдар беренеси аркылуу райондук архитектура эскертмеси менен жүргүзүлөт.
4.4. Эреже бузуулар менен орнотулган сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин ажыратып алуу, ташып чыгаруу, кампаларда убактылуу сактоо, материалдык баалулуктарды ташып чыгуу актысы жана жоопкерчиликтүү сактоого берүү актысынын негизинде ажыратып алуудан кийин бир айлык мөөнөткө кампаларда сактоого берилет.
4.5. Жарнак жайылтуучу тараптан ажыратып алууга, ташууга, сактоого жумшалган чыгымдар төлөнгөндөн кийин ажыратылган обьект көрсөтүлгөн тартипте ээсине кайтарылат.
4.6. Ажыратып алуу, ташуу, сактоо, калдыктарын жок кылуу боюнча буюртманы аткаруу иштери үчүн аткаруучу уюмдарга акысын төлөө, Кашкар-Кыштак айыл аймагынын бюджетинен жумшалат.
Жарнак жайылтуучу кеткен чыгымдарды бекитилген тартипте кайтарып берүүгө милдеттүү.
4.7. Кашкар-Кыштак айыл аймагынын талабы боюнча мажбурлоо жолу менен ажыратып алуу иштерине жумшалган чыгымды көтөрүү, өз эркинче орнотулган сырткы жарнак жана маалымат обьектисин жайгаштырган жарнак жайылтуучунун эсебинен болот.
5. Сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу
жара пайдаланууда макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдар
5.1.Кара-Суу районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгы ройондун аймагында сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана уруксат алууга байланышкан функцияларды ишке ашырууга укуктуу орган болуп саналат.
Райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
- тийиштүү кыймылсыз мүлктүн ээлери же башка мыйзамдуу ээлеринин арыздарын кабыл алуу жана карап чыгуу функцияларын аткаруучу, сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдаланууга уруксат алуу жөнүндө маалымат берүү, керектөө рыногунун мекемелеринин маалымат конструкцияларын орнотууга уруксат берүү функцияларын аткарат;
- ыйгарым укуктуу органдар менен бирге уруксат берүүдөгү чечимди кабыл алууда зарыл болгон макулдашууну ишке ашырат, уруксатты даярдайт жана берет;
- уруксатты жокко чыгаруу боюнча чечим кабыл алат;
- долбоордук-сметалык иш кагаздарын макулдашат;
-шааркуруу абалдарын имараттардын, курулмалардын архитектуралык өзгөчөлүктөрүн, визуалдуу анализдөөнүн негизинде орнотууга мүмкүн болгон орунга бекитүү менен сырткы жарнак жана маалымат обьектилердин баардык түрлөрүнүн дизайн-долбоорун жана кайрадан орнотулуучу конструкцияларга мөөнөтүн узартуу шартында архитектуралык техникалык корутунду берет.
5.2 Кашкар-Кыштак айыл аймагынын сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотууда алардын жолдо жүрүү коопсуздугу боюнча нормативдик укуктук актыга туура келүүсү боюнча макулдашууну жүргүзөт.
6. Кайрадан орнотулган сырткы жарнак жана маалымат обьектилеринин
долбоордук иш кагаздарга дал келүүсүн текшерүү КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БУЗУУЛАР ЖӨНҮНДӨГҮ КОДЕКСИ
3.Ушул Кодекстин 65-1-беренесинде каралган жөнүндө иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат.
65-1-берене. Тил жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу
1.Тексттерди адабий тилде ченемдерине (алфавит жана орфографиялык эрежелер) ылайык келбеген көрнөктөрдү, кулактандырууларды, прейскуранттарды жана башка көрсөтмөлүү маалыматтарды юридикалык жана жеке жактардын имараттарында жайгаштыруу,-
эскертүүгө алып келет.
2.Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган иш-аракеттер эскетүү жаза-чарасы колдонулгандан кийин бир айдын ичинде оңдолбосо же алты айдын ичинде кайталанып жасалса,-
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3.«Шаардагы, айылдагы калктуу конуштарда тексттери адабий тилдин ченемдерине (алфавит жана орфографиялык эрежелер) ылайык келбеген сырткы жарнактарды жайгаштыруу,- »
(КР 2018-жылдын 4-августундагы № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.