Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Баткен шаардык кеңешинин «Баткен шаарынын тургуну, оор атлетика боюнча машыктыруучусуА.Т.Таабалдыевге Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2021-жылдын 28-декабры № 62 Баткен шаарынын тургуну, оор атлетика боюнча машыктыруучусуА.Т.Таабалдыевге Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 40-беренесинин 9-пункутуна жана Баткен шаарынын жамааттарынын мүчөлөрүнө “Шаардын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү” 2018-жылдын 21-июндагы Баткен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясынын №01-8/21 токтомуна, шаардык Кеңештин маалымат, байланыш, теле берүү, наамдарды, ысымдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундунун негизинде Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын оор атлетика боюнча машыктыруучусу Таабалдыев Абдирашит Тажидиновичке Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Токтом шаар калкына шаардык “Өрүкзар” коомдук саясый газетасы жана шаардын расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3. Токтом мамлекеттик катоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин маалымат, байланыш, теле берүү, наамдарды, ысымдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Дүйшеева У/ тапшырылсын.
Тѳрага
А.Аширов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123