# Исфана шаардык кеңешинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 1 "Исфана шаарын Исхак Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Исфана шаардык кеңешинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 1 "Исфана шаарын Исхак Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 29.12.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.12.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/131150>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-8134/edition/1192522/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.12.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Исфана шаардык кеңешинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 1 "Исфана шаарын Исхак Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө" токтому (ред. от 29.12.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/131150

---

ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Исфана шаардык кеңешинин кезектеги X сессиясы (VI чакырылышы) 2021-жылдын 29-декабры № 1 Исфана шаарын Исхак Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоо, мындан ары улуттук, тарыхый каада-салттардын жана баалуулуктардын негизинде жарандардын руханий-адеп ахлактык тарбиялоону жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын чыгаан мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында, анын мамлекеттүүлүктү калыптандырууга жана өнүктүрүүгө сиңирген зор эмгегин эске алып, туулган күнүнүн 110 жылдыгына карата Исфана шаар мэриясынын Исфана шаарына улуу инсан Исхак Раззаковдун ысымын ыйгаруу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз X сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Исфана шаарына улуу инсан, коомдук жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл баатыры Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылсын. Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

Б.Т. Сапаев
