# Ак-Турпак айылдык кенешинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 8 "Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкарууларынын Союзуна тийиштуу мүчөлүк акыларын төлөө жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Турпак айылдык кенешинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 8 "Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкарууларынын Союзуна тийиштуу мүчөлүк акыларын төлөө жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 8
- Дата принятия: 21.06.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 21.06.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/130834>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7822/edition/1113616/ru>

> Текст приведён по редакции от 21.06.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Турпак айылдык кенешинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 8 "Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкарууларынын Союзуна тийиштуу мүчөлүк акыларын төлөө жөнүндө" токтому (ред. от 21.06.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/130834

---

АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын

2021-жылдын 21-июну № 8 Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкарууларынын Союзуна тийиштуу мүчөлүк акыларын төлөө жөнүндө

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жарандар үчүн Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкарууларынын Союзуна тийиштуу мүчөлүк акыларын төлөө жөнүндөгү Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы У.Матхоликованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Турпак айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ак-Турпак айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 24-октябрындагы №309 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкарууларынын Союзунун мүчөсү болуп эсептелгендигине байланыштуу, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша ар бир жашоочуга 1 сомдон кем эмес өлчөмдөгү мүчөлүк акы төлөнсүн.

2.Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн калкынын саны бүгүнкү күнгө 16773 болгондугуна байланыштуу, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин эсебинен 16773 сом акча каражаты ажыратылсын.

3.Ажыратылган каражатты максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Анарбаевге милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана жер

маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А. Имаров
