Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Турпак айылдык кенешинин «Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкарууларынын Союзуна тийиштуу мүчөлүк акыларын төлөө жөнүндө» токтому
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын
2021-жылдын 21-июну № 8 Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкарууларынын Союзуна тийиштуу мүчөлүк акыларын төлөө жөнүндө
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жарандар үчүн Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкарууларынын Союзуна тийиштуу мүчөлүк акыларын төлөө жөнүндөгү Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы У.Матхоликованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Турпак айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Турпак айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 24-октябрындагы №309 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкарууларынын Союзунун мүчөсү болуп эсептелгендигине байланыштуу, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша ар бир жашоочуга 1 сомдон кем эмес өлчөмдөгү мүчөлүк акы төлөнсүн.
2.Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн калкынын саны бүгүнкү күнгө 16773 болгондугуна байланыштуу, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин эсебинен 16773 сом акча каражаты ажыратылсын.
3.Ажыратылган каражатты максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Анарбаевге милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана жер
маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
А. Имаров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
- Указ Президента КР от 24 октября 1996 года N УП-309 "О мерах по дальнейшему совершенствованию местного самоуправления в Кыргызской Республике"Указ · 24.10.1996 · № 309 · Утратил силу
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу