# Халмион айылдык кенешинин 2021-жылдын 25-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү туралуу" токтому

- Полное наименование: Халмион айылдык кенешинин 2021-жылдын 25-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү туралуу" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 128
- Дата принятия: 25.03.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.03.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/130781>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7770/edition/1112609/ru>

> Текст приведён по редакции от 25.03.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Халмион айылдык кенешинин 2021-жылдын 25-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү туралуу" токтому (ред. от 25.03.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/130781

---

ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Халмион айыл аймагынын айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыш кезексиз отуз тогузунчу сессиясы

2021-жылдын 25-марты № 128 Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү туралуу

Халмион айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу (мындар ары -КР ЖӨБ Союзу) менен кызматташтыкты күчөтүү жана анын тийиштүү мүчөлүк акыларын убагында төлөө туралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Халмион айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 24-октябрындагы №309 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесине ылайык КР ЖӨБ Союзунун мүчөсү болуп эсептелгендиктен токтом кылат;

1. Халмион айылдык кеңеши жана Халмион айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, КР ЖӨБ Союзунун Уставында белгиленген тартипте кызматташууну күчөтүү жана мындан ары өркүндөтүү боюнча иш аракеттерди жүргүзсүн.

2. Халмион айыл өкмөтүнө жогорудагы ченемдик укуктук актылардын негизинде КР ЖӨБ Союзу менен тараптардын ар биринин милдеттенрин камтыган келишимди иштеп чыгып, кол коюуу жагы тапшырылсын.

3. Халмион айыл өкмөтүнө жогорудагы ченемдик укуктук актылардын негизинде , КР ЖӨБ Союзунун мүчө болгодуктан анын уставын 3.7. пунктуна ылайык ар бир жылдын биринчи кварталында айыл аймактын калкынын санынын өсүшүнө жараша ар бир жашоочуга 1 сомдон кем эмес өлчөмдөгү мүчөлүк акыны жергиликтүү бюджетин эсебинен КР ЖӨБ Союзунун эсептик счетуна которуп берүүгө уруксат берилсин.

4. Токтомду расмий булактарга жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүу жагы Халмион айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Халмион айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Г. Матжиев
