# Халмион айылдык кенешинин 2021-жылдын 11-февралындагы № 123 "Кадамжай райондук статистика бөлүмү менен Халмион айыл өкмөтү ортосундагы статистикалык иш аракеттерди жүргүзүү боюнча келишимди бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Халмион айылдык кенешинин 2021-жылдын 11-февралындагы № 123 "Кадамжай райондук статистика бөлүмү менен Халмион айыл өкмөтү ортосундагы статистикалык иш аракеттерди жүргүзүү боюнча келишимди бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 123
- Дата принятия: 11.02.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.02.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/130776>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7765/edition/1112599/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.02.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Халмион айылдык кенешинин 2021-жылдын 11-февралындагы № 123 "Кадамжай райондук статистика бөлүмү менен Халмион айыл өкмөтү ортосундагы статистикалык иш аракеттерди жүргүзүү боюнча келишимди бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 11.02.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/130776

---

ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Халмион айыл аймагынын айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз отуз жетинчи сессиясы

2021-жылдын 11-февралы № 123 Кадамжай райондук статистика бөлүмү менен Халмион айыл өкмөтү ортосундагы статистикалык иш аракеттерди жүргүзүү боюнча келишимди бекитүү жөнүндө

Халмион айыл аймагында статистикалык маалыматтарды жыйноо, иш аркеттерди жүргүзүү боюнча Кадамжай райондук статистикалык бөлүмү менен Халмион айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишимди талкуулап чыгып Кыргыз Республиксынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгу 2013-жыл 9-июлдагы № 127 мыйзамынын 5-беренесине негиз Халмион айылдык кеңеши токтом кылат;

1. Халмион айыл өкмөтү менен Кадамжай райондук статистика бөлүмүнүн ортосундагы статистикалык иш аракеттерди жүргүзүү боюнча түзүлгөн келишим бекитилсин.

2. Келишимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Халмион айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

Төрага

Г. Матажиев
