Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Катран айылдык кенешинин «Акысыз кызмат көрсөтүүнүн базалык тизмеги жана кошумча акысыз кызмат көрсөтүүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Катраң айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2020-жылдын 2-марты № 10 Акысыз кызмат көрсөтүүнүн базалык тизмеги жана кошумча акысыз кызмат көрсөтүүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө
Катраң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.М.Сайдуллаевдин акысыз кызмат көрсөтүүнүн базалык тизмеги жана акысыз кызмат көрсөтүүнүн кошумча тизмесин бекитүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп, талкуулап Катраң айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Жооптуу катчы Т.М.Сайдуллаевдин акысыз кызмат көрсөтүүнүн тизмесин бекитүү жөнүндөгү билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Акысыз кызмат көрсөтүүнүн базалык тизмеги жана акысыз кызмат көрсөтүүнүн кошумча тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Токтомду аткарууга алуу жооптуу катчы Т.М.Сайдуллаевге тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага
А.С.Саттаров
Катраң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн акысыз кызмат көрсөтүүнүн базалык реестри (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы N 80 токтомунун редакциясына ылайык)
№
Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү стандартташ-тырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган
Кызматтарды көрсөтүүчү муниципалдык мекемелер
Муниципалдык кызматты көрсөтүүнүн шарттары (акы төлөнүүчү|акысыз)
1
Калктуу конуштагы аллеялардын, аянттардын, айылдык сейилбактардын, бульварлардын, көчөлөрдүн жана тар көчөлөрдүн аталышы жана аталышын өзгөртүү жөнүндө чечимдерди берүү
ЖӨБ жана этностор агенттиги
ЖӨБ аткаруучу органдары
Акысыз
2
Жашаган жеринен маалым кат берүү
ЖӨБ жана этностор агенттиги
ЖӨБ аткаруучу органдары
Акысыз
3
Үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат берүү
ЖӨБ жана этностор агенттиги
ЖӨБ аткаруучу органдары
Акысыз
4
Бодо малдын болушу жөнүндө маалымкат берүү
ЖӨБ жана этностор агенттиги
ЖӨБ аткаруучу органдары
Акысыз
5
Майда жандыктын болушу жөнүндө маалымкат берүү
ЖӨБ жана этностор агенттиги
ЖӨБ аткаруучу органдары
Акысыз
6
Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларды жана кыймылсыз мүлк обьектилерин берүү (менчиктештирүү жолу менен) жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү
ЖӨБ жана этностор агенттиги
ЖӨБ аткаруучу органдары
Акысыз
7
Кыргыз Республикасынын жарандарына муниципалдык менчикте турган турак жайды менчикке берүү жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү
ЖӨБ жана этностор агенттиги
ЖӨБ аткаруучу органдары
Акысыз
8
Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак жайды мөөнөттүү пайдаланууга берүү жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү
ЖӨБ жана этностор агенттиги
ЖӨБ аткаруучу органдары
Акысыз
9
Жарандарды жеке турак жай курулушуна жер участогун бөлүп берүүгө муктаж катары кезекке коюу жөнүндө, же жарандарды кезекке коюудан баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү
ЖӨБ жана этностор агенттиги
ЖӨБ аткаруучу органдары
Акысыз
10
Жеке турак жай курулушуна жер участогун берүү жөнүндө чечимдерди берүү, же берүүдөн баш тартуу
ЖӨБ жана этностор агенттиги
ЖӨБ аткаруучу органдары
Акысыз
11
Жеке жана|же юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган жер участокторун менчикке, мөөнөттүү же мөөнөтсүз пайдаланууга берүү, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү
ЖӨБ жана этностор агенттиги
ЖӨБ аткаруучу органдары
Акысыз
12
Тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагынан каза болгон тургунду (жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн) коюу үчүн көрүстөндөн орун берүү жөнүндө маалымкат берүү
ЖӨБ жана этностор агенттиги
ЖӨБ аткаруучу органдары
Акысыз
Катраң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жарандарга акысыз жардам көрсөтүү боюнча муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүүгө сунуш долбоору
№
Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Муниципал-дык кызмат көрсөтүүнү стандартташ-тырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган
Кызматтарды көрсөтүүчү муниципал- дык мекемелер
Муници-палдык кызматты көрсөтүүнүн шарттары (акы төлөнүүчү| акысыз)
1
Аз камсыз болгон, жалгыз бой жашаган кары адамдарга кыш мезгилинде көмүр берүү
ЖӨБ жана этностор агенттиги
ЖӨБ аткаруучу органдары
Акысыз
2
Кутурманын алдын алуу максатында жолбун иттерди атуу
ЖӨБ жана этностор агенттиги
ЖӨБ аткаруучу органдары
Акысыз
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.