# Ак-Суу айылдык кенешинин 2021-жылдын 5-февралындагы №184 ”Ак-Суу-Суу” ИСКАКБ нын 2021-жылга тарифин жана штаттык жадыбалын бекитүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Ак-Суу айылдык кенешинин 2021-жылдын 5-февралындагы №184 ”Ак-Суу-Суу” ИСКАКБ нын 2021-жылга тарифин жана штаттык жадыбалын бекитүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 184
- Дата принятия: 05.02.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 05.02.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/130440>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7436/edition/1140169/ru>

> Текст приведён по редакции от 05.02.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Суу айылдык кенешинин 2021-жылдын 5-февралындагы №184 ”Ак-Суу-Суу” ИСКАКБ нын 2021-жылга тарифин жана штаттык жадыбалын бекитүү жөнүндө” токтому (ред. от 05.02.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/130440

---

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы

2021-жылдын 5-февралы №184 ”Ак-Суу-Суу” ИСКАКБ нын 2021-жылга тарифин жана штаттык жадыбалын бекитүү жөнүндө” КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү админстрациялар жөнүндө” 2008-жылдын 29-майындагы №99 мыйзамынын 18-27-беренелерин, КРнын“Ичүүчү суу жөнүндөгү” мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу 2009-жылдын 20-июлундагы № 240 Мыйзамынын 21-статьясынын 2-бөлүгүн, КРнын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-июлундагы № 445 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик башкаруу чарбакер субьектердин товарларына (жумуштарына, көрсөтүүчү кызматтарына) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндөгү жобону” жана “Ак-Суу-Суу ИСКАКБсынын сунушун, ал сунуш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча Баткен аймактык бөлүмү тарабынан макулдашылгандыгын алып” Ак-Суу-Суу” ИСКАКБ нын башчысы А.Гафировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Суу-Суу ИСКАКБнын башчысы А.Гафировдун билдирүүсүн көңүлгө алынсын.(Билдирүү тиркелет).

2. Ак Суу Суу ИСКАКБсынын ичүүчү сууну керектелүүчүлөрүнө бир айына 1 м. куб сууга 6,67 х 1,20 = 8 сомдон бекитилсин.

3.Үйүнүн ичине киргизгендерге айына 150 сомдон жана үйүнө таза ичүүчу сууну киргизүү үчүн 6000 сом, ал эми көчөдөн ичкендерге жан башына 8 сомдон болуп бекитилсин.

4. Мекеме уюмдарга келишимдин негизинде мектеп жана бала бакчаларга 5 сомдон ар бир окуучуга белгиленсин

5. Токтом аткарылышын камсыздоо жана суу керектелүүчүлөргө кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү Ак-Суу-Суу ИСКАКБнын башчысы А.Гафировго жүктөлсүн.

Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы:

А.Саматов

Ак-Суу ИСКАКБнын 2021-жылга аткарыла турган План бюджет

№

Кожолук жана мекеме уюмдардын аталышы

Кожолук

Суу ичүүчүлөр саны

Тариф 2021-ж.(сом) Көчөдөн Үйдөн

Үйүнө кран киргизгендер

План 2021-ж. Көчөдөн Үйдөн

Бардык план бюджет(сом)

Бир айга план(сом)

1

Суу-Башы

95

230

8

150

16

14160

28800

42960

3580

2

Ак-Суу

701

2200

8

150

190

132680

342000

474680

39556

3

Жеңиш

340

1350

8

150

10

120560

18000

138560

11546

4

Алга

285

1150

8

150

7

105200

12600

117800

9816

5

Ак-Суу а/аймагы

келишим

26000

6

Лейлек ҮБДТ

келишим

20000

7

Аскердик бөлүк

келишим

25000

845000 сом

Ак-Суу Суу ИСКАКБнын төрагасы: А.Гапиров.
