# Ак-Суу айылдык кеңешинин 2021-жылдын 5-февралындагы №174 "Ак-Суу айыл аймагындагы элдердин жылкыларына чип тагууда веткызматкерлердин эмгек акысын бекитип берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Суу айылдык кеңешинин 2021-жылдын 5-февралындагы №174 "Ак-Суу айыл аймагындагы элдердин жылкыларына чип тагууда веткызматкерлердин эмгек акысын бекитип берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 174
- Дата принятия: 05.02.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 05.02.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/130430>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7426/edition/1140147/ru>

> Текст приведён по редакции от 05.02.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Суу айылдык кеңешинин 2021-жылдын 5-февралындагы №174 "Ак-Суу айыл аймагындагы элдердин жылкыларына чип тагууда веткызматкерлердин эмгек акысын бекитип берүү жөнүндө" токтому (ред. от 05.02.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/130430

---

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы

2021-жылдын 5-февралы №174 Ак-Суу айыл аймагындагы элдердин жылкыларына чип тагууда веткызматкерлердин эмгек акысын бекитип берүү жөнүндө КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 07-майындагы №256-токтому менен бекитилген КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекетик инспекциясынын жобосун жетекчиликке алуу менен Ак-Суу айыл аймагынын ветеринардыкинспектору А.Маматкуловдун Айыл аймагында жылкыларга чип басуу жана веткызматкерлердин эмгек акысын бекитип берүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т

1. Вет.инспектор А.Маматкуловдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.

2.Веткызматкердин эмгек акы 134 сом өлчөмүндө бекитилсин.(Билдирүү тиркелет).

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн ветинспектору А.Маматкуловго тапшырылсын.

Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы:

А.Саматов

Айылдык кеңештин башчысы А.Халмуратовго, төрагасы А.Саматовго Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ветинспектору А.Маматкуловдон

Билдирүү Кыргыз Республикасынын жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жонүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрынын №694 Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө токтомун ишке ашыруу максатында,Кыргыз Рспубликасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 07-майындагы №256-токтому менен бекитилген Кыргыз Респубикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жобосун жетекчиликке алып,Ак-Суу айыл аймагындагы элдердин жылкыларына чип тагууну жүргүзүүдө ветеринардык адистердин эмгек акын бекитип берүүңүздөрдү билдиремин. Чип басуу 2021-жылдын 1-февралынан башталат.

Бир баш жылкыга чиптин наркы: банкка төгүү 166 сом 00 т. Ветеринардык адистин эмгек акы: 134 сом 00 т. Жалпысынан бир баш жылкыга чип басуу: 300 сом 00 т.

Билдирүү берген Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн ветинспектору: А.Маматкулов.
