Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Баткен шаардык кенешинин «Баткен шаарынын Чет-Булак массивиндеги 5 га өлчөмүндөгү “ Айыл чарба багытындагы жерлер ”категориясынан, Баткен окуясында курман болгон 36 атуулдун артында калган үй бүлөөсүнө, турак жай куруп берүү үчүн “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги I уюштуруу сессиясынын 2021-жылдын 11-май № 17 Баткен шаарынын Чет-Булак массивиндеги 5 га өлчөмүндөгү “ Айыл чарба багытындагы жерлер ”категориясынан, Баткен окуясында курман болгон 36 атуулдун артында калган үй бүлөөсүнө, турак жай куруп берүү үчүн “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 1-разделинин 1-Главасынын, 10,11,12-статьяларына, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлдагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” № 145 Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 4-майындагы “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” ПЖ №113 Жарлыгына ылайык,2011-жылдын 15-июлдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” №101 Мыйзамынын 4-Главасына 31-статьясынын 1; 5- пункуттарына,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы “Жеке менчик турак үй күруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №177 токтому, Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2021-жылдын 10-майындагы №02-6/245 кызматтык катынын жана Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт жана көрктөндүрүү, тазалыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын №1 протоколуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын I уюштуруу сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Чет-Булак массивинин күн чыгыш тарабындагы №780 контурундагы 1,20 га “Таштактуу жайыт” жери, №782 контурундагы 3,80 га “Таштактуу жайыт” жер аянттары жалпы 5 га өлчөмүндөгү “ Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жер аянтын, Баткен окуясында курман болгон 36 атуулдун артында калган үй бүлөөсүнө, турак жай куруп берүү үчүн “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку органдарынан суралсын.
3.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облусттук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мурзалиевага тапшырылсын.
Төрага:
А.Аширов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 5
Связанные документы (5)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Постановление Правительства КР от 6 мая 2005 года № 177 "Об утверждении Положения о порядке предоставления земельных участков под индивидуальное жилищное строительство"Постановление · 06.05.2005 · № 177
- Указ Президента КР от 4 мая 2021 года УП № 113 "О первоочередных мерах по восстановлению и развитию приграничных сел Баткенской области"Указ · 04.05.2021 · № 113
- Земельный кодекс КРКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Утратил силу
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу
- Закон «О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 15.07.2013 · № 145 · Утратил силу