# Чолпон-Ата шаардык кенешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 29/23-5 "Чолпон-Ата шаардык мэриясынын типтүү регламентин бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Чолпон-Ата шаардык кенешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 29/23-5 "Чолпон-Ата шаардык мэриясынын типтүү регламентин бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 29/23-5
- Дата принятия: 26.12.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.12.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/130069>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7081/edition/1081246/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.12.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чолпон-Ата шаардык кенешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 29/23-5 "Чолпон-Ата шаардык мэриясынын типтүү регламентин бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 26.12.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/130069

---

ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чолпон-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

2019-жылдын 26-декабры № 29/23-5 Чолпон-Ата шаардык мэриясынын типтүү регламентин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүүөз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2017-жылдын 21-ноябрындагы №01-18/156 “Айыл Өкмөттөрүнүн типтүү регламентин бекитүү жөнүндө” Буйругуна ылайык, Чолпон-Ата шаардык мэриясынын ишмердүүлүгүн тартипке келтирүү максатында, Чолпон-Ата шаардык кеъеши маселени талкуулап чыгып, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаардык мэриясынын типтүү регламенти (мындан ары Регламент) бекитилсин.

2.Чолпон-Ата шаардык мэриясынын аппараты, түзүмдүк бөлүмдөрү жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери:

-ушул токтом менен көрсөтүлгөн Регламентти колдонууга жана аткарууга алышсын. -регламенттин негизинде бир айлык мөөнөттө тийиштүү муниципалдык нускамаларды (регламенттерди) иштеп чыгышсын жана бекитишсин.

3.Шаардык кенештин аппаратына токтомду шаардык кенештин реестрине каттоо, массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жана областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы тапшырылсын.

4.Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын аппаратынын регламентин бекитүү” жөнүндө 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 298 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин “Депутаттык, этика, мыйзамдуулук жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

К.Токтомуратов
