# Кыштут айылдык кеңешинин 2021-жылдын 18-майындагы № 3 "Кыштут айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин сессияларында кабыл алынган токтомдор мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кыштут айылдык кеңешинин 2021-жылдын 18-майындагы № 3 "Кыштут айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин сессияларында кабыл алынган токтомдор мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3
- Дата принятия: 18.05.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 18.05.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/111106>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-6991/edition/1112094/ru>

> Текст приведён по редакции от 18.05.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кыштут айылдык кеңешинин 2021-жылдын 18-майындагы № 3 "Кыштут айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин сессияларында кабыл алынган токтомдор мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө" токтому (ред. от 18.05.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/111106

---

КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Кыштут айылдык Кенешинин VII – чакырылышынын кезексиз I сессиясы

2021-жылдын 18-майы № 3 Кыштут айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин сессияларында кабыл алынган токтомдор мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө Кыштут айылдык Кеӊешинин кабыл алынган токтомдор мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө Кыштут айылдык Кеӊешинин жооптуу катчысы А.Ысмановтун билдирүүсүн угуп кеӊири талкуулап Кыштут айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы 184 сандуу токтому менен бекитилген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укутук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө” типтүү жобонун жана Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 08.12.2009-жылдагы 743 сандуу токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн ченемдик укутук актыларын мамлекеттик рээстрин жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык Кыштут айылдык Кеӊеши тарабынан кабыл алынган токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

2. Кабыл алынган токтомдор коомдук жарыяга чыгып мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Баткен облустук Юстиция башкармалыгынан суралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Укук тартиби жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

С. Султанов
