# Кең-Арал айылдык кеңешинин 2021-жылдын 4-мартындагы № 1 "Китепканада китептер менен иштеген убактысы үчүн эмгек акыга үстөк төлөм белгилөө жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кең-Арал айылдык кеңешинин 2021-жылдын 4-мартындагы № 1 "Китепканада китептер менен иштеген убактысы үчүн эмгек акыга үстөк төлөм белгилөө жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 04.03.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 04.03.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/110838>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-6723/edition/1100660/ru>

> Текст приведён по редакции от 04.03.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кең-Арал айылдык кеңешинин 2021-жылдын 4-мартындагы № 1 "Китепканада китептер менен иштеген убактысы үчүн эмгек акыга үстөк төлөм белгилөө жөнүндө" токтому (ред. от 04.03.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/110838

---

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кең-Арал айылдык аймактык Кеңешинин XXXIХ-чакырылышынын 2-сессиясы

2021-жылдын 4-марты № 1 Китепканада китептер менен иштеген убактысы үчүн эмгек акыга үстөк төлөм белгилөө жөнүндө Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27- апрелиндеги № 258 “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү” жөнүндөгү токтомуна ылайык депутаттардын Кең-Арал айылдык кенешинин 39- чакырылышынын 2-сессиясы токтом кылат

1. Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы ооруулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча санитардык эпидемиологиялык департаментинин 2021-жылдын 24-февралындагы №17 сандуу иштөө бөлмөдөгү абаны изилдөө боюнча протоколунда көрсөтүлгөн Кең-Арал айыл өкмөтүнө караштуу китепкананын китепканачысынын эмгек акысына 25% пайыз өлчөмдө үстөк белгиленип 2021-жылдын январь айынан баштап эсептөө иштери жүргүзүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөүнүн башчысы Б.Нурматовго милдеттендирилсин.

Төрага:

И. Жумабеков
