# Кара-Ой айылдык кеңешинин 2021-жылдын 21-январындагы № 02 "Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин эмгек маянасына кошумча акча-каражаты жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кара-Ой айылдык кеңешинин 2021-жылдын 21-январындагы № 02 "Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин эмгек маянасына кошумча акча-каражаты жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 02
- Дата принятия: 21.01.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 21.01.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/110638>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-6525/edition/1094210/ru>

> Текст приведён по редакции от 21.01.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Ой айылдык кеңешинин 2021-жылдын 21-январындагы № 02 "Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин эмгек маянасына кошумча акча-каражаты жөнүндө" токтому (ред. от 21.01.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/110638

---

КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН XXVII – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ КЫРК ТӨРТҮНЧҮ СЕССИЯСЫ

2021-жылдын 21-январы № 02 Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин эмгек маянасына кошумча акча-каражаты жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын май айынын 30гы №75 Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жѳнүндѳ токтомунун, 6 бѳлүмүнүн 31 беренесине жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын 1 мартындагы №131 «Мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы тѳлѳѳ шарттары жѳнүндѳ» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинде белгиленген 8 сааттан ашык иштегендиктери үчүн, ошондой эле коммуналдык чыгымдардын, анын ичинен электр энергияга болгон төлөмдөрдүн кымбаттагандыгына байланыштуу, айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык кызматкерлерин социалдык жактан колдоо максатында, айыл ѳкмөтүнүн ФЭБнун башчысынын жана айыл ѳкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин айлык маяна көлөмүн көбөйтүү жөнүндөгү кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Кара-Ой айылдык Кенеши токтом кылат:

1. Кара-Ой ѳкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин функционалдык милдетинен тышкары аткарга иштери үчүн кызмат акыларына 30 % өлчөмүнѳ чейин кошумча акча каражаты кошуп берүү жагы бекитилсин.

2. Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын контролго алуу жагы, Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго жана ФЭБнүн башчысы А.Жайнаковага милдеттендирилсин.

4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Б.У. Усенбеков
