# Кара-Ой айылдык кеңешинин 2020-жылдын 11-декабрындагы № 11 "Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн кызматкерлерине жана “Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо” тутумунун кызматкерлерине кошумча акча каражат тѳлѳѳ жѳнүндѳ" токтому

- Полное наименование: Кара-Ой айылдык кеңешинин 2020-жылдын 11-декабрындагы № 11 "Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн кызматкерлерине жана “Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо” тутумунун кызматкерлерине кошумча акча каражат тѳлѳѳ жѳнүндѳ" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 11
- Дата принятия: 11.12.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.12.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/110637>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-6524/edition/1094200/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.12.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Ой айылдык кеңешинин 2020-жылдын 11-декабрындагы № 11 "Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн кызматкерлерине жана “Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо” тутумунун кызматкерлерине кошумча акча каражат тѳлѳѳ жѳнүндѳ" токтому (ред. от 11.12.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/110637

---

КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН XXVII – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ КЫРК ҮЧҮНЧҮ СЕССИЯСЫ

2020-жылдын 11-декабры № 11 Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн кызматкерлерине жана “Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо” тутумунун кызматкерлерине кошумча акча каражат тѳлѳѳ жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 27.04.2015-жыл №258 токтому менен бекитилген “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча тѳлѳмдү белгилѳѳнүн тартиби жѳнүндѳ» Жобонун, Эмгек Кодексинин №164 жана №224-беренелеринежана Бишкек шаардык мамлекеттик эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ борборунун 30.12.2020-жылдагы №210/205Р «Электромагниттик нурлануунун денгээлин ѳлчѳѳ» жѳнүндѳгү протоколунун, ошондой эле Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн 29-декабрь 2020-жыл №91 «Жумуш орундарын аттестациялоо боюнча кызматкерлеринин эмгек шарттарынын зыяндуулугуна карата кошумча компенсация тѳлѳѳнү аныктоо үчүн комиссия түзүү жѳнүндѳ» буйругуна ылайык, Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн кызматкерлердин жана “Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо” тутумунун кызматкерлердин айлык акысына кошумча акча каражат тѳлѳѳ боюнча айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Тюлегеновдун кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Кара-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн кызматкерлерине жана “Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо” тутумунун кызматкерлерине 15 пайыз кошумча тѳлѳмү, 2021-жылдын 1-январынан баштап тѳлѳнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын Финансы Министрлигинин Ысык-Кѳл райондук башкармалыгына сунуштоо жагы ФЭБ башчысысы А.Жайнаковга тапшырылсын.

4. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.

Төрага

Б.У. Усенбеков
