Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Теплоключенка айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү тууралуу» токтому
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVII-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2021-жылдын 16-марты № 5 Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 24-октябрындагы №309 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесине ылайык Теплоключенка айыл өкмөтү КР ЖӨБ Союзунун мүчөсү болуп эсептелгендиктен Теплоключенка айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу (мындан ары – КР ЖӨБ Союзу) менен кызматташтыкты күчөтүү жана анын тийиштүү мучөлүк акыларын убагында төлөө тууралуу билдирүүсүн угуп, айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, КР ЖӨБ Союзунун Уставында белгиленген тартипте кызматташууну күчөтүү жана мындан ары өркүндөтүү боюнча иш аракеттерди жүргүзсүн.
2. Айыл өкмөтү КР ЖӨБ Союзу менен тараптардын ар биринин милдеттерин камтыган келишимди иштеп чыгып, кол коюу жагы тапшырылсын.
3. Теплоключенка айыл өкмөтүнө жогорудагы ченемдик укуктук актылардын негизинде КР ЖӨБ Союзуна мүчө болгондуктан анын Уставынын 3.7-пунктуна ылайык ар бир жылдын биринчи кварталында айыл аймактын калкынын санынын өсүшүнө жараша ар бир жашоочуга 1 (бир) сомдон кем эмес өлчөмүндөгү мүчөлүк акыны жергиликтүү бюджеттин эсебинен КР ЖӨБ Союзунун эсептик счетуна которуп берүүгө уруксат берилсин.
4. Бул токтомду айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырып, Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн юстиция органына жиберүү жагы айылдык кенешинин жооптуу катчы Ж.А.Амантуровага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага
Э.А. Темиров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
- Указ Президента КР от 24 октября 1996 года N УП-309 "О мерах по дальнейшему совершенствованию местного самоуправления в Кыргызской Республике"Указ · 24.10.1996 · № 309 · Утратил силу
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу