Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Октябрь айылдык кеңешинин «Айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн караштуу Октябрь, Жолголот,Уч-Кайнар, Отуз-Уул айылдарынын 2021-жылга жайытка малдардын бааларын бекитүү жѳнүндѳ» токтому
ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ XXVII-чакырылышынын кезектеги 39-сессиясы
2021-жылдын 16-марты № 19 Айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн караштуу Октябрь, Жолголот ,Уч-Кайнар, Отуз-Уул айылдарынын 2021-жылга жайытка малдардын бааларын бекитүү жѳнүндѳ
Айыл ѳкмѳттүндѳгү жайыт комитетинин тѳрагасы А.Т.Айтикеевдин айыл аймагындагы жайыттарга жайыт акыларын жалпы элдин жыйналышынын чечиминин негизинде бекитип берүү сунушун айылдык Кенештин депутаттары карап чыгып, Октябрь айылдык Кенеши токтом кылат:
1.Октябрь айыл аймагынын малчылары Кыргыз Республикасынын ϴкмѳтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги №192 токтомунун 4 -бѳлүгүнүн 2-бѳлүмүнүн негизинде Каракол жана Түп токой чарбалык жайыттарында жайкы убактылуу жайыт пайдалануунун акы тѳлѳмдѳрү тѳмѳндѳгүдѳй бекитилсин.
жылкы - 3 айга -45сом,2айга - 30сом уй баласы - 3айга -45сом, 2айга -30сом кой, эчки- 3айга - 10сом, 2айга -7сом
2. Малчылар ѳз убагында жугуштуу ооруларга каршы эмдѳѳдѳн ѳткѳрүү жагы мал чарбасы боюнча адисине милдеттендирилип, эмдѳѳдѳн ѳткѳрүлбѳгѳн малдарды жайкы жайыттарга чыгарууга тыйуу салынсын.
3. Мал багуучу менен мал ээлеринин ортосунда келишимдер түзүлсүн.
4. Бул токтом ГАМСУМОнун сайтына жайгаштырылсын, мамлекеттик каттоо реестр журналына катталып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳѳлдѳ жагы айылдык Кенештин жер комиссиясына жүктөлсүн .
Төрага:
А.Р. Токомбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.