Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ««Жети-Өгүз айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө» токтому
ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 38- сессиясы 2021-жылдын 5-марты № 38 «Жети-Өгүз айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Ысык-Көл облусунун, Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депуттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, Жети-Өгүз айылдык кеңешинин бюджеттик туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Жети-Өгүз айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемедеги Жети-Өгүз айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2. Ушул токтом жана Жети-Өгүз айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы кѳрсѳтүлгѳн мыйзамдага ылайык тийиштүү расмий жарыялоо булактарына жарыялансын.
3. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Жети-Өгүз айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. “Жети-Өгүз айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө” “Жети-Өгүз айылдык кенешинин 2015-жылдын 27 февралындагы №20 Токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жети-Өгүз айылдык кеңешинин бюджеттик туруктуу комиссиясынын төрагасына Т.Иманбаевке милдеттендирилсин.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төраганын орун басары:
Р.М. Исмаилов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 1 · связанные 2
Цитируется в (1)
- Жети-Өгүз айылдык кеңешинин 2015-жылдын 27-февралындагы № 20 "Жети-Өгүз айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.02.2015 · № 20 · Утратил силу
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Жети-Өгүз айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын уставы (Жети-Өгүз айылдык кеңешинин 2021-жылдын 5-мартындагы № 38 токтомуна)Устав · 05.03.2021 · № 38
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу