# Самаркандек айылдык кеңешинин 2021-жылдын 14-майындагы № 18 "Самаркандек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдор мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Самаркандек айылдык кеңешинин 2021-жылдын 14-майындагы № 18 "Самаркандек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдор мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 18
- Дата принятия: 14.05.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 14.05.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/110494>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-6384/edition/1091758/ru>

> Текст приведён по редакции от 14.05.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Самаркандек айылдык кеңешинин 2021-жылдын 14-майындагы № 18 "Самаркандек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдор мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө" токтому (ред. от 14.05.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/110494

---

САМАРКАНДЕК АЙЫЛдык КЕҢЕШИ ТОКТОМ Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы

2021-жылдын 14-майы № 18 Самаркандек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдор мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө Самаркандек айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Р. Нишанованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, мыйзамдуулук укук тартибин чындоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы №184 сандуу токтому менен бекитилген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдиук укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө” типтүү жобонун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.12.2009-жылдагы №743 сандуу токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык Самаркандек айылдык Кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын .

2. Кабыл алынган токтомдор коомдук жарыяга чыгып мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Баткен облустук юстиция башкармалыгынан суралсын

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдоө жагы мыйзамдуулук укук тартибин чындоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Р Нишановага тапшырылсын.

Төрага

М. Тулаев
