Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Көк-Таш айылдык Кеңешинин «Сыйлоо жөнүндө» токтому
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги V сессиясы
2020-жылдын 14-апрели № 2 Сыйлоо жөнүндө “1947-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү ” максатындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы №516-б, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2020-жылдын 31-январындагы №10-б, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 4-февралындагы №23-б буйруктарынын негизинде Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Көк-Таш айылдык аймагынын “Ардактуу айымы”, Эмгек ардагери, 1914-жылы туулган Эгемова Ажардын 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги каарман эмгегин эске алып, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 150 000 (бир жүз элүү миң) сом каражат ажыратылсын.
2.Каражатты ажыратуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго, ал эми каражат максаттуу пайдаланылгандыгы тууралуу бухгалтериялык иш кагаздарын так жүргүзүү ФЭБ башчысы А.Эгемовго милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровго милдеттендирилсин.
Төрага
Н. Жакыев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Распоряжение Привительства Кыргызской Республики от 31 декабря 2019 года № 516-р "В целях подготовки и проведения мероприятий, посвященных празднованию 75-летия Победы в Великой…Распоряжение · 31.12.2019 · № 516-р · Утратил силу